Дүйнөлүк басма сөз 11.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль Кудс Аль Араби (Араб-британ гезити): Алжирдеги өрттөн каза болгондордун саны 42ге жетти, алардын 25и аскерлер. (Алжирдин президенти Абдулмежид) Тебун: Өлкө жеңе турчу кризисти башынан өткөрүүдө.
Аль Рая Аль Катария: (Катар гезити): (Франция) Пари Сен-Жермен (Спорт клубу) өзүнүн ири долбооруна (Аргентинанын улуттук футболчусу Лионель) Мессини кошту.
Аль Рая Аль Катария: (Катар гезити): Катардын издөө-куткаруу тобу Грециядагы (токой өрттөрү чыккан аймактарда) миссиясын баштады.
Süddeutsche Zeitung: Германияда коронавирус - Эмдөөдөн өтпөгөн жарандар үчүн бекер корона тесттери 11-октябрда жокко чыгарылат.
Deutsche Welle: Германияда жаш калк эң төмөнкү деңгээлде.
El Mundo: Испанияда эмдөө ушул айда 70% га жетет: 9 күндүн ичинде 5 миллионго чейин экинчи доза сайылуусу максатталууда.
El Pais: Испанияда илимпоздордун фоссилдүү отун жөнүндө эскертүүлөрү саясий согушка айланып кетти, жакынкы күндөрдө климаттын өзгөрүшүнө каршы дагы кескин чаралар күтүлүүдө.
El Nacional: АКШ документи жок иммигранттарды Мексикага депортациялап жатат.
Le Figaro: Ковид-19: Франциядагы ооруканаларда акыркы 24 саатта 28 миң 576 жаңы учур жана 68 өлүм катталды.
Le Matin (Швейцария): Пари Сен-Жермен (футбол клубунда) Лионель Месси 30-номердеги форманы кийет.
ТАСС агенттиги: Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын Талибандын көзөмөлдөп жатканын айтты.
Интерфакс агенттиги: Россиядагы Гамалея эпидемиология жана микробиология илим изилдөө институту Sputnik V вакцинасы ооруканага түшүү коркунучун 20 эсе азайтат деп билдирди.
Regnum агенттиги: Россиялык банктар, депозиттик пайыздык чендерди пандемияга чейинки деңгээлге кайтарышты.