Дүйнөлүк басма сөз 03.05.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Spiegel.de: Бразилиянын президенти Жаир Болсонарунун 400 миңге жакын бразилиялыктын жаңы түрдөгү коронавирустан (Ковид-19) өлүмүнө жоопкерчилигин текшерүү үчүн изилдөө комиссиясы түзүлүп жатат.
Deutsche Welle: Европа Биримдиги (ЕБ) мүчө мамлекеттерди агынды сууларды текшерүүгө чакырды: ЕБ мүчө мамлекеттерди Ковид-19 вирусун эрте аныктоо үчүн агынды сууларды текшерип чыгууга чакырды. ЕБ муну эрте эскертүү тутуму деп эсептейт.
Эль-Рая Аль-Катар (Катар): Англия 2022-жылы эпидемияга каршы саммит өткөрөт.
Эль-Мустакбал (Ливан): Күн шамалы жерди көздөй тездик менен баратат, спутниктерге таасир тийгизиши мүмкүн.
Аль-Ватан (ОМАН): Иран АКШ мунай жана банк тутумуна киргизген эмбаргону алып салат деп болжолдоодо.
Эль Тиемпо (Колумбия): Колумбиянын президенти Иван Дюк Салык реформасынан баш тарткандан кийин, ар кандай тармактар менен макулдашылып, жаңы долбоор иштелип чыгат.
Эль Мундо (Испания): 4-майда Мадриддеги жергиликтүү парламенттик шайлоону утурлай Элдик партияга (ПП) болгон үмүт артты: «Изабел Диаз Аюсо чоң айырма менен өтөт».
El Universal (Мексика): Мексикада бир адамдан Koвид-19дун индиялык варианты аныкталды.
Le Figaro: Ковид-19: Францияда 10 чакырымдык чектөөнүн аякташы жана ачылышынын башталышы: Францияда карантин мезгилинде үйлөрдөн 10 чакырымга чейин жөө басууга уруксат болгон. Эми акырындык менен ачылуу 3-майда башталууда.
Le Monde: 1-май окуялары: Париждеги CGT (General Business Confederation) кортежине карай зомбулук боюнча тергөө башталды.
Le Parisien: SNCF (Франциянын поезд компаниялары): «5 миллион билет ушул жайда максималдуу 39 еврого сатылууда»
Russia Today: The National Interest гезитине караганда, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жо Байдендин Россия жөнүндө айткан сөздөрүнөн улам, Россия менен Кытай өнөктөштүккө барышы мүмкүн, бул АКШ үчүн каргаша дегенди берет.
Регнум агенттиги: Украинанын чыгышында өзүнүн бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк Элдик Республикасынын Президенти Денис Пушилин, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр экендигин билдирди.
Лента.ру: Кыргызстан менен Тажикстан чек арадан аскерлерин чыгарып кетишти. 29-апрелдеги куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 34 адам шейит болду.