Дүйнөлүк басма сөз 28.04.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1629668
Дүйнөлүк басма сөз 28.04.2021

Аль-Кудс Аль-Араби: Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман өлкөсүнүн Иран менен "өзгөчө" мамилелерди каалаганын айтты.

Аль-Кудс Аль-Араби: Иран АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын тушунда киргизилген бардык санкцияларды алып салууга чакырды.

Аль-Жазира: Палестиналыктар жылуу кабыл алса, Израил айыптады ... Укук коргоо уюму (Human Rights Watch) Израилди расизмге жана ырайымсыздыкка айыптоодо. Укук коргоо уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот уюмдун Израилди айыптоосунун далилдер менен колдоого алынгандыгын айтып, палестиналыктардын 40 жылдан бери Израилдин расизминен жапа чегип келе жаткандыгын баса белгиледи.

Deutsche Welle: Германияда шаардык кеңеш мечиттердин курулушуна уруксат берген жок. Хайлбронн шаарында Түрк-Ислам Дин иштери Биримдигинин (DITIB) карамагында салына турган мечит шаардык кеңеш тарабынан бекитилген жок. Биримдик 7 жылдан бери шаардык мэрия менен пландаштырган курулушка уруксаттын жоктугун сынга алды.

Frankfurter Rundschau: Россиянын президенти Владимир Путин Германияда бир телеканал каалап жатат. Путиндин максаты эмне?

Bild: Германияда маска чыры күч алууда. Саламаттык сактоо министрлигинин тизмесине караганда, 40 депутат маска сатып алуу процессиндеги коррупция боюнча айыпталууда.

El Pais: Буркина-Фасодо испаниялык эки журналист өлтүрүлдү.

El Mundo: Мадрид Автономиялык өкмөтүнүн башчысы Изабел Диаз Аюсо 4-майда боло турган жергиликтүү парламенттик шайлоонун алдында оңчул-центристтердин добуштарын күчтөндүрүп ал ала турган добуштардын көпчүлүгүн бекемдеди.

TeleSur: Венесуэланын вице-президенти Делси Родригес, билим берүү министри Аристобуло Истуриздин каза болгонун кабарлады.

Le Monde: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Индиядагы Ковид-19дун мутациясы кеминде 17 мамлекетте байкалды.

Le Figaro: Пенсиядагы аскерлердин Франциянын бөлүнүшүнө каршы жарыялаган макаласы Францияда саясий талкууларды жаратты.

Le Matin : (Швейцария): АКШда Африка тектүү бир киши полиция тарабынан мойнуна ок атылып өлтүрүлдү.

Риа Новости: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Россия менен кандай шарттарда диалог мүмкүн болорун айтты: «Эгерде Москва чыңалууну күчөтүүчү кадамдарды таштабаса».

Коммерсант: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «Украина менен Донбасстагы согушка жол бербөөгө болот».

Lenta.ru: Россия Apple компаниясына монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы үчүн 12 миллиард доллар айып салды.



Тектеш кабарлар