Дүйнөлүк басма сөз 14.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: Францияда (коронавирустун айынан) карантин киргизилип абанын булганышына байланыштуу 2 миң 300 адамдын өлүмү алдын алынды.
Аль-Кудс Аль-Араби: Германиянын канцлери (Ангела) Меркель, Рамазандын тынчтыктын айы экенин айтты. Берлин епископтору, Куранда орозо кармоонун жана боорукердиктин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Аль-Кудс Аль-Араби: (АКШ президенти Жо) Байден 11-сентябрга чейин Ооганстандан АКШнын бардык куралдуу күчтөрүн чыгарып кетерин билдирди.
Al Jazeera: Ирандын президенти (Хасан) Рухани Катардын Эмири (Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани) менен өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө «Аймактагы кризистердин чечилиши конструктивдүү диалог аркылуу болот» деди.
Al-Dustour (Иордания): Кытайда H5N6 куш тумоосу.
Die Zeit: Украина кризиси - АКШ президенти Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путинди үчүнчү өлкөдө саммит өткөрүүнү сунуш кылды.
Die Welt: Инфекциядан коргоо мыйзамы - Федералдык өкмөт Германия үчүн чукул чара көрүүнү бекитти.
El País (Испания): АКШнын колдонууну токтотуу сунушунан кийин (Johnson & Johnsonдун вакцинаны чыгарган Бельгиядагы ишканасы) Janssen компаниясы Ковид-19 вакцинасын Европага таратууну кечеңдетти.
La Jornada (Мексика): Мексиканын президенти Лопес Обрадор: «Менин Улуттук шайлоо кеңешине ишенимим жок».
El Comercio (Перу): Перудагы шайлоо: «Эркин Перу» партиясынын лидери Педро Кастильо биринчи орунду ээледи.
Gazeta.ru: АКШнын президенти Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путинге стратегиялык туруктуулук маселелерин нормалдаштырууну сунуш кылды.
"Коммерсант" гезити: Россиянын Тышкы иштер министрлиги: «Эгерде биз SWIFTтен чыгарылсак анда башка альтернативаларды» колдонобуз.
Lenta.ru: Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров абактагы орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын Куран окуу өтүнүчүн сынга алды. Кадыровдун айтымында, Исламга каршы чыккан Навальный Куранды саясий максаттарда колдонот.