Дүйнөлүк басма сөз 18.03.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1603521
Дүйнөлүк басма сөз 18.03.2021

Zdf: Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрагасынын орун басары Маргарит Шинас, Европанын санариптик вакцина идентификациясынын 1-июнда даяр болорун билдирди.

«Welt» гезити: Германияда адам аткезчилигине каршы бир учурда эки операция жүргүзүлдү.

El Mundo (Испания): Испаниянын Марбелла шаарында AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин мээсине кан куюлуп каза болгон аял мугалимдин өлүмү иликтенип жатат.

La Tercer (Чили): Чилидеги Sinovac клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда, эмделгендердин 90 пайызы экинчи дозадан кийин антитело пайда кылышат.

La Jornada : Мексиканын президенти Андрес М.Лопес Обрадор, сот реформасы жөнүндөгү мыйзамды Сенатка жөнөттү.

Le Monde: (Францияда) Кошумча чаралар ушул дем алыш күндөрү Ковид-19дан эң көп жабыркаган аймактарда күчүнө кирет.

Le Figaro (Франция): Саламаттык сактоо кризиси 2020-жылы мамлекетке 160 миллиард евро зыян келтирди.

Al Jazeera: Египетте өкмөт өлкөдө Ковид-19дун үчүнчү толкуну жөнүндө эскертүү берди.

Al Jazeera: Лондондо жайгашкан Reuters маалымат агенттиги, АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы палестиналыктар менен мамилелерди калыбына келтирүү планынын үстүндө иштеп жатат деп жазды.

Аль-Кудс Аль-Араби: Марокко (АКШда чыгарылган абадан коргонуу системасы) Патриот жана (Россияда чыгарылган) S-400гө байланыштуу билдирүүлөрүнөн кийин Кытайдан өнүккөн абадан коргонуу тутумун сатып алууда.

"Российская газета": АКШнын президенти Жо Байдендин билдирүүсүнөн кийин Россиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондогу элчисин кеңешүү үчүн Москвага чакырды.

Lenta.ru: АКШ жетекчилиги, Россияга каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

"Известия" гезити: Россиядагы уюлдук операторлордун, колдонуучуларынын маалыматтарын Роскомнадзор (Кардарларды көзөмөлдөө боюнча улуттук агенттик) менен бөлүшүүсү талап кылынышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар