Дүйнөлүк басма сөз 16.02.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
![Дүйнөлүк басма сөз 16.02.2021](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b2fc/13ea/caac/5dc1146e588bb.jpg?time=1719056518)
Франкфуртер Рундшау: Анкара АКШнын (АКШ) элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды.
Deutsche Welle: Берлиндеги мейманканалар эшиктерин үйү жокторго ачты.
Ard: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери Кытайдан коронавируска (Kovid-19) байланыштуу көбүрөөк маалыматтарды сурап жатышат.
ABC гезити (Испания): Каталониядагы шайлоо: «Бир гана жеңүүчү бар: сепаратисттер».
Кларин (Аргентина): Аргентинанын мурунку президенти Карлос Менемдин сөөгү Сан-Хустодогу мусулмандардын көрүстөнүнө коюлду.
Элдустур: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шокто ... Биринчи пайда болгонго чейин 13 корона түрү аныкталды!
Элрая: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө AstraZeneca вакцинасын алууга уруксат берди.
Элкудус: Катардын тышкы иштер министри, өзөктүк файлдан улам келип чыккан чыңалууга байланыштуу Иранга барды.
Le Parisien (Франция): Ковид-19: (АКШнын вице-президенти) Камала Харрис жана (Франциянын президенти) Эммануэль Макрон пандемияга каршы "тыгыз кызматташууну" жакташууда.
Ле Фигаро (Франция): Ковид-19: Франциялык камкорчулар, кошумча кызматкер катары Португалиядагы ооруканага жиберилди.
Le Monde (Франция): Ковид-19: март жана апрель айларында Париж менен Марселде концерт 'сыноолору' болот.
Russia Today: (Россиянын парламенти) Думанын Бюджет жана салыктар боюнча комитети криптовалюталар менен жүргүзүлгөн иштерге салык салууну караган мыйзам долбоорун бекитти.
ТАСС: Россия менен АКШ Жакынкы Чыгыш (Палестина-Израиль) көйгөйүн чечүүдө кызматташышы мүмкүн. Бул маселени эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери телефон аркылуу талкуулашты.
Lenta.ru: Россиянын президенти Владимир Путин өкмөткө орусиялык Ковид-19 вакцинасынын мутацияланган вируска каршы эффективдүүлүгүн анализдөөнү тапшырды.