Дүйнөлүк басма сөз 28.01.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1572679
Дүйнөлүк басма сөз 28.01.2021

Deutsche Welle: БУУнун изилдөөлөрүнө караганда, адамзаттын үчтөн экиси климаттын өзгөрүшүн глобалдык өзгөчө кырдаал деп эсептегенин билдирген.

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Москванын Куралсыздануу келишимин 2026-жылга чейин узартканын маалымдаган.

Nrz: «Футбол - Месут Өзил Германия үчүн "эч качан" ойногусу келбейт» деп жазган.

Элдустур: UNRWA (Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттиги): «Быйыл кызмат көрсөтүүлөрүбүздү жүргүзүү үчүн бир миллиард доллардан ашык каражат керек» деп билдиргенин кабарлаган.

Элрая: Ак үй, коронавирустун келип чыгышы боюнча эл аралык "ачык жана терең" иликтөө жүргүзүүгө чакырганын жазган.

Элайям: «(Жо) Байдендин администрациясы, Палестина-Израиль маселесине карата саясатынын өзгөчөлүктөрүн биринчи жолу негизги багыттары менен ачыктады: эки мамлекеттүү чечимди колдоо, аннексияларды жана конуштарды четке кагуу, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жана жардам берүүнү улантуу» деп билдирген.

El País (Испания): ЕБ, AstraZenecaнын Британияда өндүргөн вакциналарынын бир бөлүгүнүн тапшырышын каалап жатканын кабарлаган.

Infobae (Аргентина): Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Англиядагы коронавирустун мутациясы 70 өлкөдө, ал эми Түштүк Африкада аныкталган мутациянын 31 мамлекетте аныкталгандыгын маалымдаганын билдирген.

Телесур (Венесуэла): Россия Аргентинага Ковид-19 вакцинасы кечиктириле тургандыгын билдиргенин жазган.

Le Monde: (Францияда) Парламенттин Ковид-19 маалымат тобу күтүүсүздөн жоюлганын маалымдаган.

Le Figaro: АКШ экстремисттердин зордук-зомбулугуна каршы даяр турганын жазган.

Libération: (Франциянын) Ницца шаарындагы бир ресторан "жарандык баш ийбестиктин" алкагында темир эшиктерин мыйзамсыз ачканын билдирген.

Lenta.ru: Орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын бир тууган иниси тарабынан түзүлгөн жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкери оппозициялык саясатчы Любовь Соболдун 48 саатка камакка алынганын кабарлаган.

ТАСС: БУУнун Башкы катчысы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Россияда чыгарылган вакцинаны тез арада бекитет деп үмүттөнгөнүн жазган.



Тектеш кабарлар