Дүйнөлүк басма сөз 20.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
n-tv: Германияда федералдык жана провинция өкмөттөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн коронавирус (Ковид-19) саммитинде, карантиндин мөөнөтү 14-февралга чейин узартылып, маска талабы күчөтүлгөнүн билдирген.
Süddeutsche Zeitung: Эл аралык Валюта Фонду, Германия үчүн өсүү божомолун дагы бир жолу төмөндөткөнүн кабарлаган.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайды уйгурларга "геноцид" кылды деп айыптап жатканын маалымдаган.
Al Jazeera: АКШнын президенти Дональд Трамп коштошуу сөзүндө "Мен согушка барбаган биринчи америкалык президентмин" дегенин жазган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Бүгүн Жо Байден АКШнын 46-президенти катары кызматына кирише турганын билдирген.
Аль-Дустур (Иордания): Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш: «Палестинанын оккупацияланган аймактарында калктуу конуштардын салынышы эл аралык укуктун ачыктан-ачык бузулушу болуп саналат» дегенин жазган.
Эль Паис (Испания): Март айынан тарта 70 жаштан жогорку алты миллиондон ашуун адамдын Ковид-19 вакцинасын ала турганын кабарлаган.
Infobae (Аргентина): Россия EpiVacCorona вакцинасынын Ковид-19га каршы 100% таасирдүү экендигин жарыялаганын маалымдаган.
Пренса Латина (Куба): Панамага Ковид-19га каршы Pfizer-BionTech вакциналарынын биринчи партиясы келгенин билдирген.
Le Monde (Франция): Париж, Европадагы автоунаалардан келип чыккан абанын булганышы эң көп өлүмгө алып келген шаарлардын бири экенин жазган.
Le Matin (Швейцария): Kovid-19 Швейцарияда 1000 адамдын бирөөсүнүн өлүмүнө себеп болгонун билдирген.
Le Parisien (Франция): «Ковид-19: Экинчи толкундун көбүрөөк өлүмгө алып келгендиги аныкталды» деп жазган.
ТАСС агенттиги: АКШнын мамлекеттик катчысына талапкер Энтони Блинкен, Түркиянын Россиядан S-400 тутумдарын сатып алышынын кабыл алынгыс экендигин айтканын кабарлаган.
"Коммерсант" гезити: Россиянын АКШдагы элчиси, Түндүк агым-2ге каршы АКШнын санкцияларын адилетсиз атаандаштык жана Европа өлкөлөрүн америкалык чийки заттарды сатып алууга мажбурлоо аракети деп мүнөздөгөнүн жазган.
Lenta.ru: АКШнын мамлекеттик катчысына талапкер Энтони Блинкен: «АКШнын жаңы администрациясы Россиянын саясаттарын Вашингтон үчүн кыр көрсөтүү деп эсептейт» дегенин билдирген.