Дүйнөлүк басма сөз 8.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
La Vanguardia (Испания): Испан коомчулугунун жарымынан көбү пандемияга каршы көбүрөөк чектөөлөрдүн киргизилишин каалаганын жана Ковид-19 вакцинасынын нормалдаштырууга мүмкүндүк береринен күмөн санап жатышканын билдирген.
El Universal (Мексика): «Сенаттын рейди - Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мексикадагы элчиси Кристофер Ландау: «Бул окуя биздин саясий маданиятыбызды жана баалуулуктарыбызды чагылдырбайт» дегенин жазган.
Кларин (Аргентина): Россиянын Ковид-19 вакцинасынын эки дозасын тең алган аргентиналык медайымга кайрадан вирус жукканын жана анын себеби иликтенип жатканын кабарлаган.
Eldostour: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Британияда мутацияланган Ковид-19 түрү Европанын 22 өлкөсүндө табылды» деп билдиргенин жазган.
Элрая: Катар аба жолдорунун (Qatar Airways) кайрадан Сауд Арабиянын аба мейкиндигинен учуп баштаганын маалымдаган.
Elqudus: АКШнын президенти Дональд Трамп Капитолийдеги баш аламандыкты айыптап, бийликтин тынч өткөрүлүп берилишине кепилдик бергенин билдирген.
Süddeutsche Zeitung: АКШнын президенти Дональд Трампты президенттиктен кетирүү боюнча бир катар чакырыктар айтылып жатканын кабарлаган.
Deutsche Welle: «АКШнын болочок президенти Жо Байден Трамптын тарапкерлеринин Конгресстин имаратына кол салуусуна байланыштуу Трампты күнөөлөдү. Байден демонстранттарды "ички террористтер" деп мүнөздөдү» деп жазган.
Tagesschau: Германияда өткөн жылга салыштырмалуу электр унааларын сатуу 206% га жогорулаганын билдирген.
Красная Весна кабар агенттиги: Түркия өкмөтү BioNTech вакцинасынын өндүрүшү көбөйгөн сайын өлкөнү вакцина менен камсыздоону да арттыра турганын маалымдаган.
«Известия» гезити: АКШнын Өкүлдөр палатасынын башчысы Нэнси Пелоси, Капитолийдин имаратына кол салууну «Трамптын Путинге берген белеги» деп мүнөздөгөнүн жазган.
Риа Новости агенттиги: Украина Ковид-19дун жайылуу коркунучунан улам 8-январь жума күндөн тарта катуу карантиндик чараларды көрө турганын кабарлаган.
Le Figaro: (Франциянын) Түштүк-батыш аймактарында куш тумоосу аныкталган чарбалардын саны эки эсеге көбөйгөнүн билдирген.
Le Monde: АКШда Конгресстин имаратындагы зордук-зомбулукту "чуулгандуу" деп сыпаттаган президент Дональд Трамп өз милдетин эч кандай көйгөйсүз тапшыра тургандыгын жарыялаганын жазган.
France 24: АКШнын президенти Дональд Трамптын кызматтан кетишине чакырыктар көбөйгөнүн кабарлаган.