Дүйнөлүк басма сөз 22.12.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1549632
Дүйнөлүк басма сөз 22.12.2020

«Bild» гезити: «Европа Биримдиги Biontech вакцинасына уруксат берди. Жылдын акырына чейин Федералдык аймактарга 1,3 миллион доза вакцина жөнөтүлөт. Январь айынын башынан тарта жума сайын дагы 670 миң доза жөнөтүлөт» деп билдирген.

Spiegel: Германия өкмөтү, Рождествону майрамдабоону сунуштап жатканын маалымдаган.

Deutsche Welle: «Коронавирус мутацияга учурады, бирок адистердин айтымында дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок» деп кабарлаган.

Аль-Жазира: Акса мечитине жакын жерде Израилдин баскынчы күчтөрүнүн огунан бир адам шейит болуп, жөөт тургундар Наблуста палестиналыктарга кол салышканын жазган.

Аль-Рая (Катар): «SİDA... Алгачкы түрк куралдуу капитансыз деңиз аппараты- (куралдуу тутумдар менен жабдылган жана стратегиялык аймактарды коргойт. Ошондой эле жергиликтүү крипто байланыш системаларына ээ» деп билдирген.

Аль-Рая (Катар): Британияда Ковид-19дун мутациясы аныкталгандан кийин 37 өлкө Британия менен аба каттамдарын токтотконун маалымдаган.

El País (Испания): «Гибралтарга бара турган британдыктар паспорттук текшерүүдөн өтүүгө аргасыз болушат, испандар болсо эркин кире алышат» деп жазган.

Эль Мундо (Испания): Испаниянын мамлекеттик карызы премьер-министр Педро Санчестин тушунда эки жылдын ичинде дээрлик 150 миллион еврого көбөйгөнүн билдирген.

Infobae (Аргентина): Америка Кошмо Штаттары Никарагуа жана Кубага жаңы санкцияларды киргизүүнү чечкенин кабарлаган.

ТАСС агенттиги: «АКШ, америкалык технологияларды сатып алуусуна тыюу салынган россиялык жана кытайлык компаниялардын жана мекемелердин тизмесин түздү. Компаниялар менен катар Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы жана Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги дагы тизмеге киришти» деп жазган.

Риа Новости агенттиги: Россия COVID-19 мутациясына байланыштуу 22-декабрдан тарта Британияга каттамдарды токтотконун маалымдаган.

"Коммерсант" гезити: «Армениянын премьер-министри Никол Пашинян дүйшөмбүдө саясий карьерасындагы эң жаман күндөрүнүн бирин башынан өткөрдү. Ал бир нече шаарларды кыдырууну пландаштырган, бирок демонстранттар түштүккө кеткен жолду тосуп алгандыктан, конвой борбор шаар Ереванга кайтып келди» деп билдирген.

France 24: (Kovid-19) Европа Комиссиясы Pfizer-BioNTech вакцинасына уруксат бергенин кабарлаган.

Le Parisien: Алжир колониялык мезгилдеги бардык архивдерди Франциядан талап кылып жатканын жазган.

Le Monde: Канада палестиналык качкындар үчүн 57 миллион евролук жардам көрсөтүлгөнүн билдиргенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар