Дүйнөлүк басма сөз 18.12.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1547637
Дүйнөлүк басма сөз 18.12.2020

Deutsche Welle: Германиянын канцлери Ангела Меркель, коронавирус вакцинасын иштеп чыккан Өзлем Түрежи менен Угур Шахинди куттуктаганын билдирген.

Zdf: Германия Ковид-19га каршы эмдөөнү 27-декабрда баштоону пландап жатканын маалымдаган.

Ard: Греция Франциядан 2,3 миллиард евролук Rafale учактарын сатып ала турганын кабарлаган.

France 24: Ковид-19га чалдыккан Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолуккан европалык 5 лидерлердин өзүлөрүн карантинге алууга аргасыз болгондорун билдирген.

France 24: Россиянын президенти Владимир Путин "Эгерде Россия (оппозициячыл саясатчы) Алексей Навальныйды ууландыргысы келсе, ал өлүп калмак" дегенин жазган.

Аль-Кудс Аль-Араби: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өзөктүк курал агенттиги, орусиялык хакерлердин кол салуусуна дуушар болгонун кабарлаган.

Аль-Жазира: Түркиянын коргоо өнөр жайы жогорулаган эл аралык күчкө айланганын маалымдаган.

Аль-Жазира: АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «Түркияга каршы санкциялардын максаты, Анкаранын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирүү эмес, Орусиянын таасирин алдын алуу» дегенин жазган.

"Ведомости" гезити: Россиянын президенти Владимир Путин, 7 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө жаңы жылга чейин 5 миң рублдан жардам берилерин айтканын билдирген.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: «Европа Биримдиги Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери менен Брюсселде үч тараптуу жолугушуу өткөрө алган жок» деп жазган.

ТАСС агенттиги: Спорт Арбитраждык соту (CAS) орусиялык спортчулардын эки жыл бою өзүлөрүнүн желектери жана гимндери менен эл аралык мелдештерге катыша албай тургандыгын жарыялаганын билдирген.

Эл Паис (Испания): Испан парламенти эвтаназия жөнүндө мыйзамды кабыл алганын кабарлаган. 

Эль Мундо (Испания): Испанияда Жогорку сот коронавирус вакцинасына байланыштуу процесстин кандайча башкарылып жаткандыгын иликтөөнү суранганын жазган. 

 



Тектеш кабарлар