Дүйнөлүк басма сөз 14.12.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1545097
Дүйнөлүк басма сөз 14.12.2020

Deutsche Welle: АКШда бир аукциондо сатылып жаткан Анадолуга таандык 1700  жылдык Кибеле айкели 60 жылдан кийин Түркияга алып келинди.

Tagesschau.de: Германия "кайрадан жабылат" - Канцлер Ангела Меркель жана штаттардын премьер-министрлери 16 - декабрдан баштап Германияда коронавирустун катаалдаштырылган чараларын ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты.

Spiegel.de: Австриянын Конституциялык Соту башталгыч мектептерде жоолук салууга тыюу салуу конституцияга каршы келет деп, тыюу салууну жокко чыгарды.

Le Soir: Бельгиянын Юстиция министри Коен Гинс мыйзамсыз кечелерди уюштургандарга көбүрөөк айып пул салууну каалайт.

France 24: Профсоюздар жана ассоциациялар Франциянын борбору Парижде болуп өткөн демонстрацияларда коопсуздук мыйзамына каршы уюштурулган өзүм билемдик менен камакка алууларды катуу айыптады.

Le Parisien: Италиялык журналист Коррадо Аугиас Франциянын ардак медалын Египеттин президенти Абдулфеттах ес-Сисиге дагы берилген деген негиз менен кайтарып берерин жарыялады.

Elqudus: Ирак күчтөрү Мусулдун түштүгүндөгү коопсуздук операциясында террордук уюм ДЕАШтын 42 мүчөсүн жок кылышты.

Elqudus: Ирактын мунай министри : "Ирак өлкөдөгү газ кендерин иштетүү үчүн чет элдик компанияларды тартууга аракет кылып жатат",- билдирген.

La Vanguardia (Испания): Адистер Испаниянын Каталония аймагындагы коронавирус эпидемиясынын өсүш белгилери жөнүндө коомчулукка эскертүү беришти.

Telesur (Aргентина): Венесуэланын президенти Николас Мадуро: "Ашыкча оңчулдар АКШнын камкордугу менен Венесуэланы алдап кетишти".

"Российская газета": Россиянын коргоо министрлиги өлкөнүн чек араларына жакын жерде учкан чет элдик чалгындоо учактарынын саны көбөйүп жаткандыгын жарыялады.

Лента.ру: Чеченстанда күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду.



Тектеш кабарлар