Дүйнөлүк басма сөз 9.12.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1542208
Дүйнөлүк басма сөз 9.12.2020

Le Soir: Пари Сен-Жермен - Медипол Башакшехир беттеши, жардамчы машыктыруучуга айтылган расисттик сөздөргө байланыштуу токтотулганын кабарлаган.

France 24: Франциянын президенти Эммануэль Макрон Франциянын энергетикалык келечеги атомдук энергияга байланыштуу болорун билдиргенин маалымдаган.

Le Monde: Тыңшоо доосу: "Франциянын мурунку президенти Николя Саркози төрт жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн" деп жазган.

France 24: Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто: «Европа Биримдигинин коопсуздугу Түркиядан көз каранды» дегенин билдирген.

Spiegel: Пари Сен-Жермен менен Стамбул Башакшехирдин ортосундагы Чемпиондор Лигасы беттеши расисттик сөздөрдөн кийин токтотулганын кабарлаган.

n-tv: Biontechтин негиздөөчүсү Угур Шахин: «Германияда вакцина 2020-жылы бекитилет» дегенин жазган.

Элайям: Палестинанын саламаттык сактоо министри: «Пандемияда кырдаал өтө кооптуу» деп эскерткенин билдирген.

Элдустур: АКШ кытайлык 14 жетекчиге каршы жаңы санкцияларды киргизгенин кабарлаган.

Эль Мундо (Испания): «Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн арасында Ковид-19 менен күрөшүү үчүн Испанияныкындай жардам алган бир дагы өлкө жок: 140 миллион евро» деп жазган.

El Pais (Испания): Изилдөөлөргө караганда, испаниялыктардын 64% климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнү жакташканын билдирген.

El Nacional: Венесуэланын президенти Николас Мадуро: «Өлкөмдүн акча бирдиги эч качан доллар болгон эмес жана болбойт» дегинин жазган.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: Россиянын Мамлекеттик Думасы полициянын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү көздөгөн мыйзам долбоорун бекиткенин маалымдаган.

ТАСС агенттиги: Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) 10-декабрдан баштап Азербайжандан помидор жана алма алып келүүнү токтото турганын кабарлаган.

РИА Новости агенттиги: Россиянын телеканалдары, президент Владимир Путиндин 17-декабрда өткөрө турган салтка айланган жылдык маалымат жыйынына 3 саат убакыт бөлө тургандарын билдирген.



Тектеш кабарлар