Дүйнөлүк басма сөз 07.12.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1540980
Дүйнөлүк басма сөз 07.12.2020

Deutsche Welle: Түркия Кара деңиздеги бургулоо ишин кеңейтүүдө.

Tagesschau.de: Бавария провинциясынын өкмөтү жаңы тип коронавирус бейтаптары көбөйгөндүктөн, кайрадан өзгөчө кырдаал жарыялады. 9 – декабрдан тарта көчөгө чыгуулар чектелет.  

Finanzen.net: Коронавирус пандемиясынын кесепетинен жапа чеккен Германиянын эң ири Lufthansa авиакомпаниясы жыл аягына чейин 29 000 кишинин ишин токтотууну пландап жатат деп билдирген.

Аль - Дустур (Иордания): Кувейттин Эмири шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин өкмөттүн отставкасын кабыл алды

Аль - Дустур (Иордания): АКШнын шайланган президенти Жо Байден шайлоонун көпчүлүгүн кепилдикке алды. АКШнын президенти Дональд Трамп жеңилгенин танууну улантууда.

Аль - Рая (Катар): Ирак армиясы: Синжарда куралдуу же куралсыз күчтөрдүн болушуна жол бербейбиз

Ла Вангардия, (Испания) : Логистикалык кыйынчылык - Ковид-19 вакцинасын дүйнө жүзүнө жайылтуу үчүн 15000 каттамды ишке ашыруу керек деп жазган.

Эль Паис, (Испания) : Уругвайдын мурунку президенти Табаре Васкес 80 жаш курагында көз жумду. Ал өлкөнүн тарыхындагы биринчи солчул мамлекет башчысы болгон.

Телесур, (Венесуэла) : Венесуэладагы парламенттик шайлоодо GPP (Gran Polo Patriótico) партиясы жеңишке жетти.

Лента.ру: Нью – Йорк - Москва каттамындагы жүргүнчүлөрдүн бардыгы Жон Кеннеди аэропортунан учуп кетишти. Россия Федерациясынын Башкы консулдугу жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн учакта жарылуучу зат болушу мүмкүн деген шектенүү менен жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Коммерсант" гезити: Россиянын ири ишканаларынын үлүшү эки эсе кыскарды десе,

ТАСС агенттиги: АКШнын аскердик  учактары 2020-жылы Орусиянын батыш чек араларына ондон жолудан ашуун  жакындаганын белгилеген.

Le Monde: Лондон менен Брюссель туңгуюктун экинчи тарабында, "келишпестикке" жол бербөө үчүн Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Le Figaro: Covid-19: Франция өкмөттүн 5000 күндүк планынан алыс

France 24: Францияда Египеттин президенти Абдель Фаттах аль - Сиссинин алдына салынган  кызыл килемге көптөгөн жаарандык коом уюдары тарабынан нааразычылык көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар