Дүйнөлүк басма сөз 12.11.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Süddeutsche Zeitung: Коронавирус (Ковид-19) вакцинасы чыкканга чейин эле дүйнө саясатын өзгөртө баштаганын жазган.
Deutsche Welle: Жо Байдендин Covid-19ду токтотууга карата дымактуу пландары бар экенин билдирген.
Ard: «Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) шайлоо: Трамп Аляскада жеңишке жетишти. Жоржия кайрадан сананууда» деп кабарлаган.
Ле Фигаро (Франция): «Экинчи карантин мезгили: Француздардын 60% карантиндик эрежелерди бузду» деп маалымдаган.
Le Monde (Франция): Коронавирустун экинчи толкуну күчөп баратканда, Франциянын премьер-министри Жан Кастекстин пресс-конференциясы күтүлүп жатканын жазган.
Le Parisien (Франция): «Париж тынчтык форуму: Франциянын президенти Эммануэль Макрон «вакцина дипломатиясын» баштатууда» деп билдирген.
AlJazeera: Жо Байдендин өзүнүн администрациясын түзө баштаганын, Дональд Трамптын болсо шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгууну улантып жатканын маалымдаган.
Аль-Рая (Катар): Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун башкы катчысы Саиб Эракаттын сөөгү расмий тажыядан кийин туулган жери Эрихада жерге берилгенин кабарлаган.
Аль-Рая (Катар): Дубай аэропорттору, Израилдин 3 авиакомпаниясынын өкүлдөрүн кабыл алып жатканын жазган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Сауд Арабиянын Жидда шаарында мусулман эместердин мүрзөсүнө жасалган кол салууда 4 адамдын жаракат алганын билдирген.
Эль Паис (Испания): «Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелль: «Европа Биримдиги, АКШнын коргоочу чатырынын астында көпкө чейин уктады»,- деп айтты. Боррелль айрыкча АКШнын президенти Жо Байдендин Иран жана чөйрө саясатын толугу менен өзгөртө тургандыгын белгиледи» деп жазган.
Ла-Жорнада (Мексика): Аргентинанын экс-президенти Маурисио Макри, өз өлкөсүндө "АРА Сан-Хуан" аттуу деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кемесинин чөгүп кеткендигин жашырган деп айыпталып жатканын маалымдаган.
ТАСС агенттиги: Тоолуу Карабахтагы тынчтык операциясында россиялык тик учактардын колдонула турганын кабарлаган.
«Коммерсант» гезити: Россиянын Билим берүү министрлиги, аралыктан билим берүүнү кийинки жылдын февраль айына чейин улантууну өтүнгөнүн билдирген.
Риа Новости: Түркияда Ковид-19дан улам эл жыш жүргөн көчөлөрдө жана коомдук транспорттор токтоочу аялдамаларда бүгүндөн тарта тамеки чегүүгө тыюу салынганын маалымдаган.