Дүйнөлүк басма сөз 23.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Элкудус: «Баскынчы Израиль Газа тилкесине абадан сокку урууда» деп жазган.
Элрая: Азия Футбол Конфедерациясы, Дохадагы AFC Чемпиондор лигасында Чыгыш аймагындагы беттештер үчүн стадиондорду белгилегенин билдирген.
Элдустуар: Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Аль Сафади: «Иордания, Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлүнүн аракеттерин колдойт» дегенин маалымдаган.
zeit.online: «Тоолуу Карабах - Түркия Азербайжанга аскердик жардам берүүнү убада кылды» деп жазган.
Focus: «Престиждүү долбоор "Түрк Тесла" алдыга жылууда - батареялар Германиянын Биттерфельд шаарына барат» деп билдирген.
Dpa: Дания немис эс алуучулар үчүн чек арасын жапканын кабарлаган.
Эль Паис: Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги жалпы улуттук коменданттык саатты жылдырганын маалымдаган.
La Vanguardia, Испания: «Эгерде коронавирустун экинчи толкуну көзөмөлгө алынбаса, анда испандардын дээрлик жарымы кайрадан толук карантинди колдошот» деп жазган.
Эл Универсал, Мексика: «Мексиканын Медициналык камсыздандыруу институтуна тиешеси бар 10 интубацияланган бейтаптын 8и көз жумууда» деп билдирген.
Le Monde: Ооруканалардын толуп калышын алдын алуу үчүн коменданттык сааттын Франциянын бардык аймагына жайылганын кабарлаган.
France 24: «Дональд Трамп менен Жо Байден акыркы жолу шайлоо алдындагы дебат программасында жолугушуп, катуу кайым айтышууларга карабастан адептүүлүктү сактай алышты» деп жазган.
Ле Темпс (Швейцария): Ремдесивир АКШ тарабынан Covid-19ду дарылоодо колдонууга уруксат берилген жалгыз дары болгонун маалымдаган.
РБК жаңылыктар сайты: Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Россия Батыштын сыйлабастыгына чыдабайт» дегенин билдирген.
Ведомости жаңылыктар сайты: АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоодогу атаандашы Жо Байденди Орусиядан акча алып жатат деп айыптаганын жазган.
Lenta.ru жаңылыктар сайты: Россиянын президенти Владимир Путин, сот процесстерине байланыштуу чет өлкөгө чыгуусуна чектөө коюлган Алексей Навальныйдын ооруп жаткан учурунда Германияга бара алуусу үчүн жеке тапшырмаларды бергенин билдиргенин кабарлаган.