Дүйнөлүк басма сөз 22.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Эль Паис (Испания): Бир канча автономдуу аймактар (Кастилия жана Леон, Комунидад Валенсиана жана Кастилия-Ла-Манча) коронавирустун жайылуусун токтотуу үчүн өкмөткө коменданттык саат киргизүүнү сунуш кыларын билдирген.
Infobae (Аргентина): Испания, Ковид-19 пандемиясында бир миллион учурдан ашкан европалык биринчи өлкө болгонун кабарлаган.
Ла Терсера (Чили): Оксфорд университетинин Ковид-19 вакцина сыноосуна катышкан ыктыярдуунун Бразилияда көз жумганын жазган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «Суданды "террор тизмесинен" чыгаруу процессин баштадык жана Судандын борбор шаары Хартумдун Израилди "тез арада" тааныйт деп ишенебиз» дегенин билдирген.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШнын мурунку президенти Барак Обама: «Трампка дагы төрт жыл чыдай албайбыз» дегенин жазган.
Аль-Рая (Катар): Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен Израиль аба транспорту боюнча келишимге кол коюшканын маалымдаган.
Zeit Online: Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спандан коронавирус аныкталганын кабарлаган.
Deutsche Welle: Германияда Ковид-19 учурларынын саны биринчи жолу 10 миңден ашканын билдирген.
Тагесспигель: Германияда балдарга карата сексуалдык зомбулук көбөйгөндөн кийин өкмөт бул кылмыш үчүн жазаны күчөтүүгө камданып жатканын маалымдаган.
Vesty.ru: Түркия, Азербайжанга жардам берүү үчүн аскерлерин жиберүүгө даяр экендигин билдиргенин жазган.
РБК: «Путин Ковид-19га байланыштуу кеңири чектөөлөрдү киргизбөөгө убада берди» деп кабарлаган.
РТ: Түркиянын вице-президенти Фуат Октай: «Россия Түркия менен эң жакшы мамилелерди түзө алган өлкөлөрдүн бири» дегенин жазган.