Дүйнөлүк басма сөз 14.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас, Европа Биримдиги-Түркия мамилелеринде "олуттуу артка кетүү" темасында эскерткенин жазган.
Wirtschaftswoche: «Экономика - Германиядагы инфляция 2015-жылдын башынан берки эң төмөнкү деңгээлде» деп билдирген.
Аль-Кудс Аль-Араби: "Сауд Арабиянын мыйзам бузуулардан улам Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешине мүчөлүгү кабыл алынган жок» деп кабарлаган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Түркия: «Египет аймактагы маанилүү өлкө жана биз аны менен кызматташууга даярбыз» деп билдиргенин жазган.
Аль-Жазира: Тоолуу Карабактагы жаңжалга байланыштуу Европа Биримдиги Азербайжан менен Арменияны сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырганын маалымдаган.
El Economista (Испания): IMF (Эл аралык Валюта Фонду) Испания дүйнөдөгү эң начар (экономикалык) рецессияны башынан кечирерин жана жумушсуздук 2022-жылга чейин азайбай тургандыгын ырастаганын жазган.
Infobae (Аргентина): Америка Кошмо Штаттары Кытайдын, Россиянын жана Кубанын Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешине мүчөлүгүн четке какканын билдирген.
La Vanguardia (Испания): "Перуда Ковид-19 дары-дармектеринин натыйжасыздыгы талкуу жаратты. Өлүмдүн көрсөткүчү эң жогору жана бейтаптардын саны боюнча сегизинчи орунда турган Перуда өкмөт бир катар дарыларды Ковид-19 дарылоо көрсөтмөсүнөн алып салды" деп кабардаган.
Le Figaro: «Францияда коронавирус: "максималдуу коңгуроо" деңгээлиндеги шаарларда түнкүсүн коменданттык саат каралууда» деп жазган.
Le Monde : Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Ковид-19дун экинчи толкунуна каршы бир катар чектөөлөрдү жарыялашы күтүлүп жатканын билдирген.
France 24 (Франция): «Нидерландия 4 жума бою жарым-жартылай карантин киргизүүнү чечти» деп кабарлаган.
"Известия" гезити: Казакстандагы «Байкоңур» космодромунан астронавт ташыган эң ылдам космостук кемеси менен биргеликте "Союз" ракетасынын учурулганын маалымдаган.
Russia Today: Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо агенттиги (Роспотребнадзор), коронавируска каршы эмдөөгө чейин өнөкөт оорулар жөнүндө билдирилбешинин кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин кабарлаганын жазган.
Рен ТВ: Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацакарян орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун Тоолуу Карабах боюнча сүйлөшүүлөрдө маанилүү роль ойногонун айтканын билдирген.