Дүйнөлүк басма сөз 6.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1503531
Дүйнөлүк басма сөз 6.10.2020

ВАТАН (Оман): Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Дүйнө жүзүнүн 10 пайызы коронавирус жуктурду» деп билдиргенин жазган.  

Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Катарда жеке сектордун экономикасы сентябрда кескин көтөрүлгөнүн маалымдаган.

Аль-Мустакбал (Ливан): Ирактын борбор шаары Багдадда элчиликтер менен өкмөттүк имараттар жайгашкан Жашыл аймакка ракеталык чабуул жасалганын кабарлаган.

«Bild» гезити: Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Дональд Трамп Ковид-19 дарылануусунан кийин Ак үйгө кайтып келгенин билдирген.

Deutsche Welle: Германияда парламентке дагы маска тагуу милдеттенмеси киргизилгенин жазган.

Эль-Паис, «Испания: Ковид-19дун экинчи толкуну: 5,2 миллиондон ашуун испаниялык кайрадан чектөөлөргө туш болушту. Аларга жумушка, окууга жана зарылчылык болгондо гана үйлөрүнөн чыгууга уруксат берилүүдө» деп кабарлаган.

Ла Вангардия, Испания: АКШнын президенти Дональд Трамп ооруканадан чыгып, америкалыктарга вирустан коркпогула деп айткандыгын жазган.

Инфоба, Аргентина: «Дельта» жана «Гамма» тропикалык бороон-чапкындары Мексиканын Юкатан жана Кинтана Роо аймактарына коркунуч келтирип жатканын билдирген.

Le Figaro (Франция): «Ковид-19: Париж "максималдуу коңгуроо" деңгээлине өттү, чектөө чаралары күчүнө кирди» деп маалымдаган.

Франция 24 (Франция): «Ковид-19: Марсель шаары өзүнүн илимий кеңешин түзөт» деп жазган.

Libération (Франция): ExxonMobil 2021-жылдын аягына чейин Европада 1600 жумуш ордун кыскарта турганын кабарлаган.

Россиянын ТАСС маалымат агенттиги: Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын карап чыгууну жана зарылчылык болсо аны жокко чыгарууну сунуштаганын билдирген.

Lenta.ru жаңылыктар порталы: Кыргызстандагы митингчилердин өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевди тергөө абагынан чыгарышкандарын кабарлаган.

РИА Новости агенттиги: Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя, Батыштын Химиялык Куралдарга Тыюу салуу Уюмунун мурунку жетекчисинин "күнөөлөрүн ачыкка чыгарышынан" коркуп жатканын айтканын жазган.



Тектеш кабарлар