Дүйнөлүк басма сөз 2.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Франкфуртер Рундшау: Греция менен Түркиянын ортосунда макулдашуу - чукул байланыш линиясы түзүлөт» деп билдирген.
Deutsche Welle: «Брексит чыры - Европа Биримдиги Улуу Британияга каршы мыйзамдуу чараларды көрөт» деп кабарлаган.
«Франкфуртер Альгемайне Цайтунг»: АКШнын президенти Трамп, Россиянын президенти Путин жана Франциянын президенти Макрон Тоолуу Карабахтагы күч колдонууну айыпташкандарын маалымдаган.
Le Figaro: БУУ: «170тен ашуун өлкө аялдардын укугун жакшыртууга убада берди» деп билдиргенин жазган.
Le Monde: «Коронавирус: Франция өкмөтү Париж жана 5 ири шаардагы кырдаалдын курчуп бараткандыгын аныктап, жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү ойлонуп жатат» деп кабарлаган.
Le Soir: «Бельгиядагы эл саясатчыларга ишенбейт. Жаңы өкмөт түзүлдү жана биринчи кезекте элдин ишенимине ээ болушу керек» деп жазган.
El Mundo (Испания): Өкмөт Мадриддеги чектөө чечимин Расмий гезитке жарыялаганын жана анын аткарылышына 48 сааттык убакыт бергенин билдирген.
Infobae (Аргентина): (Америка) Moderna лабораториясы Ковид-19га каршы вакцинанын АКШдагы шайлоого чейин даяр болбой тургандыгын тастыктаганын маалымдаган.
Телесур (Венесуэла): Кытайда дүйнөнүн эң тез ПЦР тест аппараты иштелип чыккандыгын билдирген.
Al Jazeera: «Коронавирус Ак үйдүн эшигин каккылап жатат... Вирус АКШнын президенти Дональд Трампка жана анын жубайына жукту» деп кабарлаган.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШ, Бириккен Араб Эмираттары жана Израиль биргелешкен энергетикалык стратегияны өнүктүрүү боюнча макулдашкандарын жазган.
Аль-Дустур (Иордания): Россиянын эки башка вакцинасы, коронавируска каршы күчтүү иммунитетти камсыздашы мүмкүн экенин билдирген.
Риа Новости агенттиги: Азербайжан Карабахта стратегиялык дөбөлөрдү алгандыгын жарыялаганын маалымдаган.
ТАСС агенттиги: Россия космоско байкоо жүргүзүүнүн өркүндөтүлгөн тутумун түзө турганын кабарлаган.