Дүйнөлүк басма сөз 29.09.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1499223
Дүйнөлүк басма сөз 29.09.2020

Аль Рая Аль Катария (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Катардын Эмири Шейх Тамим Бин Хамед Аль-Тани телефон аркылуу сүйлөшүүдө стратегиялык мамилелерди талкуулашканын билдирген.

El-Cezire (Катар телекөрсөтүүсү): «Карабах чыңалуусу: Азербайжан Армениянын кол салууларына жооп иретинде ири масштабдуу операцияларды жүргүзүп жатат жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши жабык отурумда курчуп бараткан тирешүүнү талкуулады» деп кабарлаган.

Ал-Кудс аль-Араби (араб - британ): Түркия, саудиялык журналист Жамал Хашогги доосунда, сауд арабиялык 6 киши тууралуу айыптоо корутундусун даярдаганын билдиргенин жазган.

Deutsche Welle: Президент Эрдоган: «Тоолуу Карабахта маселени чечүүнүн убагы келди», дегенин маалымдаган.

Welt: «Kovid-19: Экинчи толкун жакындап келе жатат. Германия канчалык деңгээлде даяр?» деп кабарлаган.

France 24: Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын курчушуна байланыштуу Түркия Арменияны эскерткенин жана басып алууну токтотууга чакырганын билдирген.

Le Monde: Ковид-19 чара көрүүлөрүнө каршылык Европада күчөп баратканын маалымдаган.

RFI: Эл аралык мунапыс уюму Франциядагы демонстранттарды камакка алуу учурунда ашыкча күч колдонулгандыгын сынга алганын жазган.

Lenta.ru: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжан жерлеринин Армения тарабынан басылып алынышын токтотууга чакырганын билдирген.

Риа Новости: «Россия, Армения-Азербайжан согушуна жол бербейт, анткени мындай согуш анын улуттук кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир этет» деп маалымдаган.

«Коммерсант» гезити: «Белоруссиянын мурдагы президенттикке талапкери Светлана Тихановская Литванын борборунда Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту. Жолугушуунун темасы - Беларустагы шайлоо» деп жазган.

La Tercera (Чили): «Аялдардын жумушка баруусуна колдоо: Чили өкмөтү бала бакчалардын ачылуусун тездетүүгө аракет кылып жатат» деп кабарлаган.

El Universal (Мексика): Ковид-19га кабылган  "Дүйнөнүн эң семиз адамы" мексикалык Хуан Педро Франко ооруну жеңгенин билдирген.



Тектеш кабарлар