Дүйнөлүк басма сөз 25.09.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Элкудус: Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху: «Коронавируска каршы күрөштүн туу чокусундабыз» дегенин жазган.
Ассабах: Сауд Арабия умра сапарларынын 4-октябрдан тарта этап-этабы менен баштала турганын жарыялаганын билдирген.
Элрая: Катар менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты чыңдап жатышканын маалымдаган.
Deutsche Welle: «Kovid-19 - Германияда жаңы учурлардын саны кайрадан 2000ден ашты» деп кабарлаган.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германиянын Тышкы иштер министри Хейко Маас, Израиль менен палестиндердин ортосунда сүйлөшүү өткөрүү боюнча көшөрүп жатканын билдирген.
Spiegel: Түркиянын борбордук банкы күтүлбөгөн жерден негизги пайыздык чендерин жогорулатканын маалымдаган.
El País: (Испания): Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги, Мадрид өкмөтүнөн Covid-19га каршы чечкиндүү иш алып барууну жана колдоо көрсөтүү үчүн 7500 аскердин кызмат кылышын суранганын жазган.
Эль Мундо (Испания): Испанияда Ковид-19 учурларынын чордону Мадрид, дүйшөмбүдөн баштап жаңы чектөөлөрдү жарыялоого даярданып жатканын билдирген.
Телесур (Венесуэла): Венесуэланын президенти Николас Мадуро бүгүнкү дүйнөдө көп тараптуулукту бекемдөө көйгөйүн талкуулаш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш менен расмий жыйын өткөргөнүн кабарлаган.
Le Monde: Францияда коронавируска байланыштуу жаңы чаралар жарыялангандан кийин өкмөттүн сынга кабылганын жазган.
Le Figaro: Ковид-19 пандемиясынын айынан дүйнө жүзүндө каза болгондордун саны 978 миңден ашып, Европа Биримдиги өз мүчөлөрүн чараларды күчөтүүгө чакырганын билдирген.
France 24: «Францияда Ковид-19 эпидемиясы: Акыркы 24 саатта 16 миң 96 жаңы учур катталгандан кийин Франциянын премьер-министри Жан Кастекс жаңы карантиндик мөөнөт болушу мүмкүн экенин айтты» деп жазган.
Gazeta.ru: «АКШнын президенти Дональд Трампка жаңы атаандаш: Россиянын президенти Владимир Путин Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү» деп маалымдаган.
Regnum: Nordwind Airlines, 1-октябрдан баштап Пермьден Стамбулга транзиттик каттамдарды баштай турганын билдирген.
Известия: Путин Ковид-19дан улам киргизилген чектөөлөрдүн күчөтүлүшү мүмкүн экенин айтканын кабарлаган.