Дүйнөлүк басма сөз 18.09.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Eldustuor: Ливиянын Улуттук Ынтымак Өкмөтүнүн Президенттик Кеңешинин төрагасы Файез Аль-Сарраж, Улуттук Ынтымак Өкмөтүнүн башчысы кызматынан кетерин билдиргенин жазган.
Элрая: Вашингтон Катарды НАТОго мүчө эмес маанилүү шериктеш деп жарыялоого аракет кылып жатканын кабарлаган.
Ньюсабах: Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Бахрейн Израиль менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн эки келишимге кол коюшканын маалымдаган.
«Дойчландфунк»: «Жер Ортолук деңизде газ келишпестиги - Түркия сүйлөшүүгө ачык» деп билдирген.
RTL: «Формула-1 Стамбулда - Түркия GP үчүн 40.000 билет сатылды» деп жазган.
«Франкфуртер Альгемайне Цайтунг»: Европа Парламенти, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкого каршы санкция киргизилишин талап кылганын кабарлаган.
Le Soir (Бельгия): «Бельгияда Kovid-19ду жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө, учурда 6 мектеп толугу менен жабылды» деп маалымдаган.
Le Figaro: Изилдөөгө караганда, туруктуу чарчоо Ковид-19дан айыккандан кийин көп кездешкенин жазган.
Эль Паис, Испания: Европада акыркы бир жумада, Ковид-19 пандемиясынын биринчи толкунуна караганда дагы көп жаңы учурлар катталганын билдирген.
Эль Мундо, Испания: CaixaBank менен Bankia банктары биригүүлөрүн бекитип, Испаниянын эң ири банкын түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдаган.
Телесур, Венесуэла: Боливиянын убактылуу президенти (Жанин Аньес) 18-октябрдагы шайлоодон өз талапкерлигин алып салганын кабарлаган.
РБК жаңылыктар сайты: Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Литва жана Польша менен чек аралардын жабылганын билдиргенин жазган.
«Аргументы и Факты» гезити: Антальяга сентябрь айында 225 миң орус турист келгенин маалымдаган.
"Известия" гезити: Европа Парламенти орусиялык оппоциячыл Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алганын жазган.