Дүйнөлүк басма сөз 17.09.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Алжазира: Түркия менен Россиянын, Ливияда түзүлө турган ок атышпоо келишимине жакындаганын жазган. Ливиянын Улуттук Ынтымак Өкмөтүнүн премьер-министри Файиз ал-Сарраж болсо келерки айда бийликти жаңы өкмөткө өткөрүп берүүгө даяр экендигин жарыялады.
Аль-Шарк (Катар): Британдык укук коргоо уюмдары Израиль менен нормалдаштыруу келишимине кол койгон Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Бахрейнге каршы бойкот жарыялоого чакырышканын билдирген.
Аддустур (Иордания): Еврей күчтөрү Кудстагы 6 палестиналык үй-бүлөнү үйлөрүн бузууга мажбурлап жаткандарын кабарлаган.
Le Figaro: Бай өлкөлөр, иштелип чыга турган коронавирустук вакцина дозасынын жарымын өздөрүнө бөлүп койгондорун маалымдаган.
Le Monde: Франция өкмөтү быйыл өлкө экономикасы 10 пайызга төмөндөйт деп божомолдоп жатканын билдирген.
Libération: «Ковид-19: Франциянын билим берүү министри Жан-Мишель Бланкер, Ковид-19 учурларына байланыштуу 81 мектеп жабылганын жарыялады» деп кабарлаган.
Эль Мундо (Испания): Ковид-19ду жуктуруп алгандардын көбөйүшүнө байланыштуу Испаниянын борбор шаары Мадрид "Ифема" ооруканасын кайрадан ачууга камынып жатканын жазган.
Эл Универсал (Мексика): Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Дональд Трамп, Мексиканы баңгизат өндүргөн негизги өлкөлөрдүн тизмесине киргизгенин билдирген.
Эль Тиемпо (Колумбия): «Колумбиянын Саламаттык сактоо министрлиги, Ковид-19дун экинчи толкуну биринчисиндей өлүмгө алып келбейт деген пикирде» деп жазган.
Deutsche Welle: Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин видеоконференция аркылуу Чыгыш Жер Ортолук деңизди талкуулашканын билдирген.
Тагесшау: Германияда расисттик постторду жазган 29 полиция кызматкерине каршы тергөө иштери башталганын кабарлаган.
ТАСС агенттиги: Forbes журналынын рейтингине караганда, Лукойл мунай компаниясы Россиянын ири компаниясы катары өз ордун сактаганын жазган.
РИА Новости: Польша, 2010-жылы Россиянын Смоленск шаарында болгон (ошол кездеги президент Лех Качинский көз жумган) учак кырсыгы учурунда кызмат кылган мунара операторлорун камакка алууну талап кылганын билдирген.
РБК: Европа Биримдиги, орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын доосуна катышкан бардык айыпталуучулардын мүлкүн убактылуу конфискациялоону талап кылганын жазган.