Дүйнөлүк басма сөз 16.09.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Риа Новости: Су-27 үлгүсүндөгү орус согуштук учагы Балтика деңизинин үстүндө АКШнын чалгындоо учагына тоскоол болгонун жазган.
RGRU: Учуучу унаа «Жезери» Түркияда «Байкар» компаниясы тарабынан таанытылганын билдирген.
Коммерсант: Россиянын "Домашный" телеканалы "Менин тагдырым жазылган күн" аттуу түрк сериалын көрсөтө турганын маалымдаган.
Zdf: Германия Греция аралдарынан 1553 качкынды кабыл алаарын жарыялаганын жазган.
Deutsche Welle: Германия, коронавирустук вакцинанын үстүндө иштеп жаткан үч немис компаниясына 750 миллион евролук колдоо көрсөтө тургандыгын билдиргенин кабарлаган.
Welt: Германияда өндүрүш тармагында иштегендердин саны коронавируска байланыштуу азайып кеткенин жазган.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): «Палестина маселеси чечилмейин Катар Израиль менен мамиле түзбөйт» деп маалымдаган.
Эль-Мустакбал (Ливан): Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен Израилдин ортосунда нормалдаштыруу келишимине кол коюлганын билдирген.
Пренса Латина (Куба): (Кубада) Эл аралык туризм 2020-жылдын биринчи жарымында 65 пайызга төмөндөгөнүн жазган.
Infobae (Аргентина): АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео жаңы Түштүк Америка сапарынын алкагында Бразилия менен Венесуэланын ортосундагы чек арага бара турганын маалымдаган.
Le Monde: Ковид-19 вирусу (АКШнын) Нью-Йорк шаарында банкрот болуу коркунучун жаратканын билдирген.
Франция 24: Японияда премьер-министр болуп шайланган Йошихида Суга, Синдзо Абэден кызматын өткөрүп алганын жазган.
Le Soir (Бельгия): «Климаттык өзгөрүүлөр Бельгияда барган сайын көбүрөөк зыян алып келет» деп кабарлаган.