Дүйнөлүк басма сөз 09.09.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
France 24: Франциянын велосипед турунун (Тур де Франс) башчысы Кристиан Прудомдун Ковид-19 тести позитив, ал эми жарышка катышкан бардык велосипедчилердин тесттери негатив болду.
Le Monde: Дүйнөлүк соода уюму жаңы президент издөөдө
Le Figaro: Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатында 8000 чарчы чакырымдан ашык аянт өрттөнүп кетти, бул акыркы 33 жылдагы эң ири өрттүн аянты болду.
nd.de: Газ чатагы - Россия Түркия менен Грециянын ортосунда ортомчулук кылгысы келет
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германиянын экономика министри Петер Альтмайер Орусияга каршы санкцияларга ишенбейт
Handelsblatt: Билим берүү - Германия эл аралык салыштырууда санариптик билим берүүдөн артта калды
Аль-Кудс Аль-Араби: (АКШ президенти) Дональд Трамп бүгүн Иракта америкалык аскерлердин кошумча кыскаргандыгын жарыялайт
Аль-Рая (Катар): Европа Биримдиги: Баскынчы күчтөр Кудстагы 107 турак жайды жана 46 дүкөндү талкалашкан
Аль-Жазира: Кабулда Ооганстандын вице-президенти Омарулла Салехтин конвойун бутага алган бомба чабуулунан 11 адам каза таап, 20дан ашуун адам жаракат алды.
El País (Испания): Мадриддеги ооруканалар (Испаниянын борбору) учурда экинчи толкунду башынан өткөрүп жатышат (коронавируста): токтотулган операциялар, бейтаптарды которуу (ооруканалар арасында) жана бейтаптардын санынын эки эсеге көбөйүшү муну көрсөтүүдө.
El Economista (Испания): Брюссель, Испаниянын бүтүндөй евроаймакта ИДПнын (Ички дүң өнүмдүн) жана жумуш менен камсыздоонун эң чоң төмөндөшүн каттагандыгын тастыктады
Infobae (Аргентина): Аргентинанын башкы провинциясынын (борбору Буэнос-Айрес) полициясы эмгек акыга нааразычылык акциясын өткөрдү
Russia Today: Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жыл сайын Путин менен салтка айланган жана жарандар президентке суроолорду берген Live Link программасы быйыл өткөрүлбөйт деп жарыялады.
РИА Новости: G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери орусиялык оппонент Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча айыптоолор «далилденди» деп жарыялады.
Регнум агенттиги: АКШнын Мамлекеттик департаменти, Беларуссияга каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн деп билдирди.