Дүйнөлүк басма сөз 27.08.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Figaro: Өкмөт француздарга коронавирус боюнча ишеним берүү үчүн эрежелерди күчөтүп жатканын билдирген.
Le Monde: Иран, Эл аралык Атомдук Энергия Агенттигине эки шектүү ядролук талаага кирүүгө уруксат бергенин кабарлаган.
France 24: 2021-жылдагы Давос Дүйнөлүк экономикалык форуму Ковид-19 пандемиясына байланыштуу кийинки жайга жылдырылганын маалымдаган.
Newsabah: «Ирактын Саламаттык сактоо министрлиги: Иракта сасык тумоого каршы вакцина бардык жарандарга берилет» деп билдиргенин жазган.
Элрая: Катар Ливия маселесин саясий жол менен чечүүнү көздөп жатканын кабарлаган.
Deutsche Welle: Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркия-АКШ биргелешкен машыгуусу өткөрүлгөнүн билдирген.
Tagesschau: Греция өзүнүн жээк сууларын 12 мильге созо турганын жазган.
El País (Испания): Испанияда жүргүзүлгөн бир изилдөөгө караганда, балдардын арасында Ковид-19дун "жугушу" жалпы калктын алтыдан бир бөлүгүн түзгөнүн маалымдаган.
Ла Пренса (Панама): «АКШда «Лаура» куюну 4- категорияда жана өтө кооптуу» деп билдирген.
Gazete.ru: «Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Орусияга каршы санкциялардын тизмесин жаңылады. Документке Россиянын Коргоо министрлигине караштуу эки илимий-изилдөө институту кошулду» деп жазган.
РБК: Сирияда күзөттө турган орус аскердик конвоюндагы унаа менен АКШнын аскердик унаасы кагышып, бир нече америкалык аскердин жаракат алганын кабарлаган.
Известия: Россия абадагы Ковид-19ду аныктоочу аппарат чыгарганын билдирген.