Дүйнөлүк басма сөз 26.08.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Греция: "Түркия менен диалогго даярбыз" деп билдиргенин жазган.
Badische Neue Nachrichten: «Формула-1» жарышы тогуз жылдан кийин кайрадан Стамбулда өтө турганын маалымдаган.
Redaktionsnetzwerk Deutschland: Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) коронавирус пандемиясынан улам дүйнөнүн жалпысындагы туризм тармагында 120 миллионго жакын адам жумушсуздукка кабылышы мүмкүн деп жарыялаганын кабарлаган.
El Mundo (Испания): «Коронавирус пандемиясы Испаниянын ири шаарларында жогорку ижара акыларынын төмөндөшүнө алып келди» деп билдирген.
El Pais (Испания): Испаниянын президенти Педро Санчес өз министрлерине келерки айлар "өтө оор" болоорун жана ушул учурларда биримдик керек экендигин айтканын жазган.
El Nacional (Венесуэла): Бразилияда Ковид-19ду жеңген, бирок кайрадан жуккан 6 бейтапка изилдөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Аддустур (Иордания): Палестинанын Адам Укуктары Борбору, айрыкча Газа тилкесинде карантинге алынган 4 жаңы Ковид-19 учурунан кийин пандемия улана турган болсо Газа тилкесине таасир эте турган чоң апаат болушу мүмкүн деп эскерткенин жазган.
Аль-Жазира: Израиль күчтөрү Газаны бомбалоону жана Батыш Шериадагы палестиндерди камакка алууну улантып жатканын кабарлаган.
Le Figaro (Франция): «Коронавирус: Марселде маска тагуу милдеттүү, ресторандар кечкисин саат 23:00тө жабылат» деп билдирген.
Le Monde (Франция): «Мамлекет мектептердин ачылышында окуучуларга беткап таратпайт. (өкмөт башталгыч жана орто мектептин окуучуларына акысыз маскаларды бербөөнү чечти)» деп жазган.
France 24 (Франция): Франция менен АКШ, орус оппозициясынын лидери жана активист Алексей Навальныйдын уулануусу боюнча тергөө жүргүзүүнү талап кылышканын маалымдаган.
«Известия» гезити: Россиянын Тышкы иштер министрлиги, оппозициялык активист Навальний маселесине коюлган айыптарды "акаарат" деп баалаганын жазган.
ТАСС агенттиги: Украинанын президенти Владимир Зеленский (Россия тарабынан бир тараптуу аннексияланган) Крымды кайтарып алууга ниеттенгендигин билдиргенин кабарлаган.