Дүйнөлүк басма сөз 21.08.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1476724
Дүйнөлүк басма сөз 21.08.2020

«Франкфуртер Альгемайне Цайтунг»: «Ууланууга шектенүү: Германиянын канцлери Ангела Меркель Россияда президент Владимир Путинге каршы чыккан Алексей Навальныйды Германияда дарылоону сунуш кылды» деп билдирген.

Spiegel: «Корона чаралары: канцлер Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон чек аралардын кайрадан  жабылышына жол бербөөнү каалашат» деп жазган.

Newsabah: Ирактын Саламаттык сактоо жана коопсуздук боюнча жогорку кеңеши, өлкө тышынан туристтик саякаттарга уруксат берилбегендигин жарыялаганын маалымдаган.

Элдюстур: Араб өлкөлөрүнүн экономикалары 2020-жылы 4,0 пайызга төмөндөйт деп күтүлүп жатканын билдирген.

Элкудус: Кувейт коменданттык саатты 30-августта алып салаарын кабарлаган.

El Mundo (Испания): Пандемия башталгандан бери коронавирусту жуктуруп алган жаштардын саны үч эсеге көбөйгөнүн жазган.

Infobae (Аргентина): Колумбиянын президенти Иван Дуке, Венесуэланын президенти Николас Мадуронун өкмөтүнүн Иран аркылуу орто жана узак аралыкка учуучу ракеталарды алууга аракет кылып жатат деп айтканын билдирген.

Le Monde (Франция): Франциянын Бреганчон сепилинде, Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Орусияга карата жалпы күтүүлөрүн билдиришкендерин кабарлаган.

Ле Фигаро (Франция): «Малидеги кризис: Батыш Африка өлкөлөрү, президент Ибрагим Бубакар Кейтанын кызматка кайтып келишин каалашат» деп маалымдаган.

Ле Темпс (Швейцария): Дүйнөлүк банк: «Пандемиядан улам 100 миллион адам өтө жакырчылыкка кабылышы мүмкүн» деп эскерткенин жазган.  

«Российская газета»: «Россиянын 12 облусу Ковид-19дан эң көп жабыр тарткан "кызыл аймакта". Бул болсо өлкө аймагынын 14 пайызына туура келет» деп билдирген.

«Известия» гезити: Беларустагы президенттик шайлоодо утулуп калган Светлана Тихановская жумушчуларды иш таштоону улантууга чакырганын кабарлаган.

Риа Новости агенттиги: Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Россиянын калкы 2020-жылы 2 миллионго көбөйгөнүн маалымдаганын жазган.



Тектеш кабарлар