Дүйнөлүк басма сөз 13.08.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
El País (Испания): Андалусия, Кастилия-Ла-Манча жана Кастилия-Леон (автономиялуу аймактары) Галиция сыяктуу көчөдө тамеки тартууга тыюу салып же салбоо боюнча иштеп жатышкандарын жазган.
Prensa Latina (Куба): Бразилияда Ковид-19га каршы орусиялык вакцинаны өндүрүү 2021-жылы башталышы мүмүн деп кабарлаган.
Инфоабе (Аргентина): Россия өкмөтүнүн бир отчету, президент Владимир Путин жарыялаган вакцинанын коопсуз эмес экендиги боюнча эскерткенин билдирген.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Америка басма сөзү: АКШнын президенти Дональд Трамптын король Салман Бин Абдулазиздин Катарга басып кирүү өтүнүчүн четке какканын жазган.
ВАТАН (Оман): Россия: «Ковид-19 вакцинасы коопсуз эмес деген айыптоолор чындыкты чагылдырбайт» деп билдиргенин жазган.
Эль-Мустакбал (Ливан): Ливандагы Эл-Харири ооруканасынын директору Фирас аль-Абяд: «Медициналык каражаттар түгөндү» деп кабарлаганын билдирген.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германиядагы Робер-Кох институту: Корона вакцинасы 2020-жылдын күз айларында даяр болушу мүмкүн экенин маалымдаганын жазган.
t-online: Геноциддик компенсация: Намибия Германиянын 10 миллион евролук компенсация сунушунан баш тартканын билдирген.
Dpa: «Германиянын саякат эскертүүсү Испания үчүн жаңы сокку болду» деп кабарлаган.
Le Parisien: Белоруссиядагы окуялар: Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россиянын президенти Владимир Путинге "чоң тынчсызданууларын" билдирди» деп жазган.
Le Monde: (Франциянын премьер-министри) Жан Кастекс Нигерде курман болгон кайрымдуулук ыктыярчылары үчүн жума күнү өткөрүлө турган эскерүү аземине жетекчилик кылаарын маалымдаган.
Le Figaro: Жер Ортолук деңиздеги чыңалуу: (Франциянын президенти) Эммануэль Макрон (Жер Ортолук деңизиндеги) өзүнүн француз аскердик күчтөрүн бекемдеп жатканын билдирген.
Lenta.ru: Польша НАТОдон Белоруссиянын абалына кийлигишпөөнү суранганын жазган.
Russia Today: АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «Эгерде Россиянын Талибан менен жашыруун сүйлөшүүлөрү далилденсе, Россия аны эки эсе төлөйт» дегенин кабарлаган.
КТРК сайты: «Коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда» деп билдирген.