Дүйнөлүк басма сөз 4.08.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1466542
Дүйнөлүк басма сөз 4.08.2020

Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Ливандын тышкы иштер министри Насиф Хаттинин отставкага кеткенин билдирген.

Эль-Мустакбал (Ливан): Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп, Ковид-19га каршы күрөшүү боюнча кызмат күчүнүн директору Дебора Бирксты сындап жатып "Байкуш" деген сөздү колдонгонун жазган.

Эль-ИМАРАТ ЭЛ-ЯУМ (БАЭ): «Иранда ар бир жети мүнөттө бир адам Ковид-19дан каза болууда» деп кабарлаган.

Deutsche Welle: Европанын курал индустриясы АКШга көз карандылыгын азайтып жатканын маалымдаган.

Zeit Online: Германияда коронавирустун экинчи толкуну жөнүндөгү тынчсызданууларга байланыштуу талаш-тартыштар уланып жатканда, мектептер ачылган Мекленбург-Помермерн аймагынын көңүлдөрдү бурганын жазган.

Der Spiegel: Израиль армиясы, Сириянын түштүгүнө сокку ургандыгын кабарлаган.

El Pais (Испания): (Испаниянын мурунку падышасы) 1. Хуан Карлос Испаниядан чыгып кеткенин билдирген.

Infobae (Аргентина): Россиянын Латын Америкадагы жети мамлекетке коронавируска каршы дары-дармектерди берээрин маалымдаган.

Телесур (Венесуэла): Чилиде июнь айында экономикалык өсүш 12 пайызга төмөндөгөнүн жазган.

Le Parisien (Франция): «Ковид-19: Франциянын премьер-министри Жан Кастекс карантиндин толук киргизилишине жол бербөө үчүн жарандарды "чара көрүүлөргө баш ийүүгө" чакырды» деп билдирген.

France 24 (Франция): «French Airlines (Air France): Ковид-19 кризисине байланыштуу апрель айынан бери учкучтардын айлык акысы кескин төмөндөдү» деп кабарлаган.

France 24 (Франция): Италияда эки жыл мурун кулап калган жана 43 кишинин өмүрүн алган Генуядагы Виадуктун дүйшөмбү күнү кайрадан ачылганын маалымдаган.

"Известия" гезити: Белорусиянын президенти Александр Лукашенко элдик добуш берүү менен конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылганын билдирген.

Gazeta.ru: Хакерлер Россиядагы электрондук добуш берүүдөн кийин колдонуучулардын жеке маалыматтарын сатып жаткандарын кабарлаган.

Lenta.ru: Москва Кипр Рум жетекчелиги менен кош салыктан оолак болуу жөнүндөгү келишимден чыкканын жазган.

КТРК сайты: Кыргызстанда өткөн суткада пневмонияны эсепке алганда 7 бейтаптын илдеттен каза болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар