Дүйнөлүк басма сөз 29.07.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Ard сайты : Германиянын Тышкы иштер министрлиги Испаниянын Арагон, Каталония жана Наварра аймактарына өтө зарыл болбосо саякаттап барбоого чакырганын билдирген.
Zeit : «Германияда ар бир төрт адамдан бирөө иммигрант тектүү» деп жазган.
Deutsche Welle: Бириккен Улуттар Уюму, коронавирустук кризис жылдын биринчи беш айында дүйнөлүк туризмди 320 миллиард долларлык чыгымга учуратты деп жарыялаганын кабарлаган.
Аль-Раян Аль-Катарина (Катар): Ливиянын Жогорку Кеңешинин төрагасы Халед ал-Масри: «Түркия менен болгон келишимибиз Хафтер күчтөрүн артка кайтарууда» деп айтканын билдирген.
Аль-ИМАРАТ ЭЛ-ЯУМ (БАЭ): АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу табышмактуу стратегияны жүргүзүп жатканын маалымдаган.
ВАТАН (Оман): Оманда коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) айынан каза болгондордун саны 403кө жеткенин кабарлаган.
VTV (Венесуэла): «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен венесуэлалык кесиптеши Хорхе Арреаза, эки өлкөнүн ортосундагы жаңы кызматташтык багыттарындагы долбоорлорду карап чыгышты» деп жазган.
El País (Испания): Реал Мадриддин чабуулчусу Марианодо Ковид-19дун аныкталышы, Европанын футбол коомчулугун дүрбөлөңгө түшүргөнүн билдирген.
El Universal (Мексика): Канада "ремдесивир" аттуу дарынын Ковид-19га каршы дарылоодо колдонулушуна уруксат бергенин кабарлаган.
France 24: Кытай Гонконг менен Батыштык 3 өлкөнүн ортосундагы кылмышкерлерди өткөрүп берүү келишимин токтотконун маалымдаган.
Le Soir (Бельгия): «Бельгияда Ковид-19: жуктургандардын саны бир күндө орто эсеп менен 327ге көбөйдү» деп жазган.
Le Figaro: Вирус жай мезгилинде жаштар арасында билинбей жайылып жатканын кабарлаган.
Lenta. ru сайты: Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун Ковид-19ду жеңил өткөргөнүн айтканын жазган.
ТАСС агенттиги: Кремлдин басма сөз катчысы Песков: «Жакында эле Александр Лукашенко менен жолуккан Владимир Путиндин ден-соолугу жакшы» деп билдиргенин маалымдаган.
«Известия» гезити: Украина, Севастополдо Аскердик флот күнүнө карата парад уюштурган Россия жөнүндө БУУнун баш катчысына арызданганын жазган.
КТРК сайты: «Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 18 бейтап каза болду» деп билдирген.