Дүйнөлүк басма сөз 24.07.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Кудс Аль Араби: Ирандын жүргүнчү учагы Сириянын асманында Американын согуштук учактары тарабынан кысымга алынгандан кийин Ливандын Бейрут шаарына конду.
Аль-Жазира (Катар ТВ): Суук согуш мезгилине кайтуу... АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео: АКШнын Хьюстондогу консулдугу тыңчылык жана интеллектуалдык менчикти уурдоочу жай болгон.
Al Raye Al Qatariyye (Катар): Катар эмиринин, Түштүк Судандын президентине эки тараптуу мамилелерди колдоо жана өнүктүрүү боюнча кайрылуусу.
Westfalen-Blatt: Европа өлкөлөрү Балкан багытынан келген миграцияны азайтуу үчүн жаңы платформа түзүштү.
Deutsche Welle: Немис өкмөтүнүн туризм боюнча жооптуусу Томас Барисс, Түркияга саякат эскертүүсүнүн алып салынышы мүмкүн экени жөнүндө үмүт берүүчү билдирүү жасады.
El Pais (Испания): Испаниянын өкмөтү беш жылдын ичинде өлкөнүн экономикасын санариптештирүү үчүн 140 миллиард евро жумшайт.
Инфобае (Аргентина): Боливиянын шайлоо соту президенттик шайлоону кайрадан жылдырып 18-октябрда өткөрүлүшүнө чечимин чыгарды.
Перфил (Аргентина): (Аргентинада) Депутаттардын жана сенаторлордун айлык акыларынын тоңдурулушу 180 күнгө узартылды. (Аргентинанын Улуттук Сенаты 2019-жылдын декабрь айындагы экономикалык өзгөчө кырдаалдын алкагында бекитилген токтомду узартты)
Le Monde: Кытай АКШнын Шэнгдудагы элчилигин жабууну буюрду.
Le Figaro: Жаңы чараларды иликтөө үчүн Францияда түзүлгөн кеңеш бүгүн чогулат.
Le Soir: Бельгияда сасык тумоого каршы вакцинанын жетишсиздиги дарыгерлерди тынчсыздандырат.
«Известия» гезити: Сириядагы режим күчтөрүнө багынып берген террорист АКШнын чагымчылдыгы жөнүндө айтып берди.
"Коммерсант" гезити: Чеченстандын президенти Рамазан Кадыров АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого санкция киргизди.
РБК: Орусиялыктардын 8 пайызы экономикалык кризис учурунда топтогон акчаларын сарпташкан.
КТРК сайты: COVID-19: бир сутка ичинде 42 адам каза болду.