Дүйнөлүк басма сөз 22.07.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1459475
Дүйнөлүк басма сөз 22.07.2020

Bild: АКШнын президенти Трамп: «Жакшы болбой эле, андан да жаман болот» деп айтып өз өлкөсүндөгү коронавирус кризисинин дагы да күчөшүнө каршы эскерткенин билдирген.

Spiegel: «АКШ кытайлык хакерлерди сотко берди. Америка Кошмо Штаттары Ковид-19 пандемиясына каршы вакцинаны иштеп чыгуу аракетине тоскоол болгон кытайлык эки кишиге каршы доо арыз берди» деп жазган.

Deutsche Welle: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Египеттин Ливия саясатын сынга алганын маалымдаган.

El País (Испания): Ковид-19 иликтөөсү: Жуктургандардын 40 пайызы кырк жашка чейинкилер. Көпчүлүгү да кайдан жукканын билишпейт» деп билдирген.

El Universal (Мексика): АКШнын президенти Трамп глобалдык пандемиянын күчөй турганын айтканын кабарлаган.

El Tiempo (Колумбия): Улуу Британиянын Оксфорд университети тапкан Ковид-19 вакцинасынын ар бири 2,5 еврого сатылышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Аль-Жазира: Триполи Египеттин Ливияга кийлигишүү чечимин анын эгемендүүлүгүнө түздөн-түз коркунуч катары көргөндүгүн жана президент Режеп Таййип Эрдоган: «Ливиядагы ыксыз аракеттерге жол бербейбиз» дегенин жазган.

Аль Рая (Катар): Эрдоган: «Египетке Ливияда мүмкүнчүлүк бербейбиз» дегенин кабарлаган.

Аль-Кудс Аль Араби: Ак үй, АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү кечинде Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү учурунда Ливиядагы чыңалууну басаңдатуунун маанисин айтканын билдиргенин жазган.

Аддустур (Иордания): Айрым булуң өлкөлөрү чет өлкөлөргө саякат кылуу жана өз жарандарына кайтып келүү эркиндигин бергенин маалымдаган.

Le Monde: Пандемия учурунда Францияда өлүмдүн деңгээли 60 пайызга өскөнүн билдирген.

Le Figaro: «Ковид-19: Француздардын 66 пайызы экинчи толкундан коркушат» деп кабарлаган.

France 24: «Сурамжылоолордо президенттик жарышта оор абалга туш болгон АКШнын президенти Трамп пандемияга байланыштуу сөздөрүн өзгөртүп жатат» деп жазган.

РИА Новости агенттиги: Россия парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү Алексей Пушков АКШнын Орусиянын өзөктүк ракеталарын иштеп чыгууну токтотуу чакырыгына катуу карышылык көрсөткөнүн билдирген.

RT сайты: Россия өзүнүн атайын күчтөрү үчүн өндүргөн жаңы тик учактын учуу сыноолорун баштаганын маалымдаган.

КТРК сайты: «COVID-19: Кыргызстандагы соңку кырдаал» деген темада көрсөткүчтөрдү жарыялаган.  



Тектеш кабарлар