Дүйнөлүк басма сөз 14.07.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Ard сайты: Германиянын саламаттыкты сактоо министри Йенс Спахн коронавирус пандемиясында экинчи толкун коркунучунун чындык экендигин айтканын билдирген.
Deutsche Welle: Ар кайсы өлкөлөрдөн 80 миллиондон ашык миллиардер өз өкмөттөрүнө чакырык салып корона кризисине байланыштуу өздөрүнөн көбүрөөк салык алынышын талап кылышканын жазган.
zdf: Германиянын футбол боюнча курама командасы 7-октябрда Кельн шаарында Түркиянын А улуттук курама командасы менен даярдык беттеш өткөрө турганын маалымдаган.
Элдус: Корона учурларын табуу үчүн Бириккен Араб Эмираттары лазердик техниканы колдонуп жатканын кабарлаган.
Элрая: Иорданиянын королу Абдулла: «Израилдин Палестинанын жерлерин басып алышы тынчтык жолдорун бузат» дегенин жазган.
Ла Терсера (Чили): (Бразилиянын президенти) Болсонаро карантин жөнүндө: "Мен үйдө тура албайм, бул өтө коркунучтуу нерсе" дегенин билдирген.
El Tiempo (Колумбия): АКШлык жетекчилер, көлдүн жээгиндеги жансыз дененин дайынсыз жолголгон пуэрто-рикалык актриса Ная Риверага таандык экендигин билдиришкенин жазган.
France 24: Франция Улуттук күнүн Ковид-19дун көлөкөсүндө белгилеп жатканын маалымдаган.
Le Figaro: Covid-19: «Калифорния экономикасынын бир бөлүгүн кайрадан жабууда» деп билдирген.
Le Soir (Бельгия): Бельгияда коронавирус: акыркы 24 саатта өлүм катталган жок, бирок жаңы учурларда 11 пайыздык өсүү байкалганын жазган.
RT: Россиянын алтынды экспорттоодогу кирешеси жылдын экинчи чейрегинде, газды экспорттоодон түшкөн кирешеден ашып кеткенин кабарлаган.
«Российская газета»: Россия 15-июлдан тарта өлкөгө келгендерге карантин талабын жокко чыгара турганын билдирген.
«Известия» гезити: Сирияда Россиянын позициясы жөнүндө маалымат чогулткан согушкерлер камакка алынганын жазган.
КТРК сайты: Бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болуп, СOVID-19 инфекциясынын жаңы 421 учур катталганын кабарлаган.