Дүйнөлүк басма сөз 1.07.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Welt: Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр, немец армиясынын Командалык Атайын Күчтөрүн (KSK) реконструкциялоого жана алардын ичинде ашкере оңчул аракеттер пайда болгондон кийин таратууга даярданып жатат.
Deutsche Welle: Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү 1-июлдан тартып 14 өлкөгө чек араларын ачууну чечишти.
Spiegel: Германияда эң төмөнкү эмгек акы акырындык менен 9,35 евродон 10,45 еврого чейин көтөрүлөт.
Аль-Кудс Аль Араби: (Израилдин Палестинанын аймактарын) аннексиялоо планына каршы чыгуу жана кээ бир Европа өлкөлөрүн көз карандысыз Палестина мамлекетин таанууга үндөш үчүн саясий сүйлөшүүлөр уланып жатат.
Al Raye Al Qatariyye (Катар): Терроризмге каршы күрөшүү үчүн Дохада (Катардын борбору) БУУнун кеңсесин ачууга карата жигердүү аракеттер жүрүп жатат.
Al Jazeera (Катар ТВ): Америкалык алдыңкы эксперт, коронавирус боюнча туура эмес багытка баруудан сактанууну эскертет. (Араб дүйнөсүндө) Алжир күнүгө катталган учурлардын саны боюнча рекорд койду.
El Pais, Испания: Испаниянын экономикасы биринчи чейректе 5,2 пайызга төмөндөдү.
Infobae, Аргентина: Чавизм (экс-президент Уго Чавестин солчул саясий кыймылы) Жогорку Шайлоо Кеңеши декабрда жалпы шайлоо өткөрүлүп, депутаттардын саны көбөйөрүн жарыялады.
La Vanguardia, Испания: Европа Биримдиги Германиядан коронавирустук кризистен чыгуунун жолун табуусун күтөт.
Ле Фигаро (Франция): Европа Бирлиги 14-марттан тартып АКШдан башка 14 өлкө үчүн чек араларын ачты.
France 24 (Франция): (Европа учактарын чыгаруучу компания) Airbus Ковид-19 кризисинин себебинен келип чыккан каржылык кыйынчылыктардан улам Францияда 5000 адамды жумуштан бошотот.
France 24 (Франция): Франциянын автомобиль рыногу бир нече айлардан кийин июнь айында көтөрүлдү.
РБК жаңылыктар сайты: New York Times, Россиянын Талибан менен "мамилеси" жөнүндө далилдер бар деп билдирди.
«Известия» гезити: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мелиса Вуйнович Орусиянын коронавирус менен күрөшүүсүнө оң баа берди.
Gazeta.ru жаңылыктар сайты: Россиянын президенти Владимир Путин жана Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Россиянын Ржев шаарынын жанында Советтик аскер айкелинин ачылыш аземин өткөрүштү.
КТРК: Кыргызстанда коронавирус дагы 439 адамдан табылды.