Дүйнөлүк басма сөз 17.06.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1437565
Дүйнөлүк басма сөз 17.06.2020

Аль-Кудс Аль Араби (Араб-Британ): Иорданиянын королу Абдулла Экинчи: «Израилдин Батыш Шериада айрым жерлерди тартып алуу аракети Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч туудурат.

Al Raye Al Qatariyye (Катар): Корона кризиси үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдады.

Аль-Жазира (Катар ТВ): Тарыхый нааразычылыктардан кийин АКШ (АКШ президенти Дональд Трамп) полиция реформасына кол койду.

Deutsche Welle: Ливияда жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде эл аралык чыңалуу күч алган учурда президент Режеп Таййип Эрдоган менен Германиянын канцлери Ангела Меркель видеолуу сүйлөшүү өткөрдү.

Nachrichten: Германиянын канцлери Меркелдин мурдагы Европа кеңешчиси Мейер-Ландрут Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия өкүлү болгон.

Tagesschau: Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайер Германиянын жарандарынан расизмге каршы өзүн-өзү сындоону өтүндү.

El Pais (Испания): Испаниянын президенти Педро Санчес Ковид-19дан кийинки мезгилди иштеп чыгуу үчүн 100 мыкты экономист менен макулдашты.

La Vanguardia (Испания): Ковид-19, Iberia авиакомпаниясынын (Испаниянын улуттук авиакомпаниясы) толугу менен токтоп калышына алып келди.

Телесур (Венесуэла): Венесуэла өкмөтү Ковид-19га каршы коомдук саламаттык сактоо системасын чыңдоо чечимин кабыл алды.

Le Parisien (Франция): (Ковид-19дун себебинен) карантин: (Француз жарандык коомдук уюму) SOS Amitié, өз өмүрүнө кол салганууну ойлогондордун көбөйүп баратканын айтты.

Ле Фигаро (Франция): Жакынкы күндөрү (Францияда) Ковид-19ну кесиптик оору деп тааныган буйруктар чыгарылат.

Le Monde: Медицина кызматкерлеринин нааразычылыгы (Францияда): бир медайымга жасалган мамиле (өлкөдө) талаш-тартышты жаратты.

ТАСС агенттиги: АКШнын Мамлекеттик департаментинин мурунку өкүлү Виктория Нуланд АКШ бийлигине орустарга таасирин күчөтүүнү кеңеш кылды.

Lenta.ru сайты: Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведевдин айтымында, "Ковид-19" пандемиясы Россиянын экономикасына 3 сокку урду.

Орусиянын"Коммерсант"гезити: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Москвада Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту.

КТРК: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 90 учур катталды - Кыргызстан жаңылыктары.



Тектеш кабарлар