Дүйнөлүк басма сөз 16.06.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Spiegel: Германиялык туризмчилер, Түркияны да камтыган өлкөлөргө карата саякат эскертүүлөрүнүн миллиарддаган евролук чыгымга учуратканын белгилешип, анын алып салынышын суранышты.
Süddeutsche Zeitung: Германиянын өкмөтү коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакцинаны иштеп чыккан CureVac фармацевтикалык компаниясынын акционери болду.
Deutsche Welle: Израилдин Батыш Шериадагы Палестина жерлерин аннексиялоо планына Хамас катуу каршылык көрсөттү.
Аль-Жазира: Швецияда жайгашкан Эл аралык тынчтыкты изилдөө институту Израилдин 90 өзөктүк дүрмөтү бар экендигин билдирди.
Аль-Кудс Аль Араби: Канадада мамлекеттик кызматкерлерге жоолук салынууга тыюу салган мыйзамга каршы митинг болуп өттү.
Аль-Рая (Катар): Ливиянын Улуттук Ынтымак өкмөтү (UMH) бул өлкөнү көзөмөлгө алууга аракет кылган төңкөрүшчүл Хафтер тарабынан басылып алынган аймактардагы массалык мүрзөлөрдү иликтөө үчүн эл аралык жардамга чакырды.
Le Monde (Франция): Франциядагы медициналык кызматкерлер өкмөткө кысым көрсөтүп жатышат. Ковид-19 кризисинин каарманы болгон медицина кызматкерлери айлык маяналарын бир топ жакшыртышын каалайт.
Le Figaro (Франция): Вакцина: (Франциянын Президенти) Эммануэль Макрон Лион шаарындагы Санофи фармацевтикалык компаниясынын имаратына барып, өз өлкөсүндө вакцина иштелип чыгышын колдойт.
Le Temps (Швейцария): Изилдөөлөргө ылайык, коронавирус Женевада калктын 11% жукту.
Lenta.ru сайты: Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралар Россиянын 13 шаарында пандемияга байланыштуу жоюлду.
«Известия» гезити: Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук Эпидемиология жана Микробиология илимий институту жакынкы күндөрү адамдарга коронавирустук вакцинаны сынап башташат.
РБК кабар сайты: Россиянын Норильск шаарындагы дарыяга төгүлгөн дизель отунун тазалоонун маанилүү этабы аяктады.
La Vanguardia (Испания): (Каталониянын автономдуу өкмөтү) Generalitat туризмди жайылтуу үчүн 7 миллион (евролук) инвестиция салат.
Infobae (Аргентина): Израилдик илимпоздор антипаразиттик дарынын Ковид-19га каршы үмүт берет деп ишенишет.
Эл Меркурио (Чили): Ковид-19 менен жабыркагандардын 45 пайызы симптоматикалуу болушу мүмкүн, бул ооруну контролдоону татаалдаштырат.
КТРК: Коронавирус: Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 624 - Кыргызстан жаңылыктары