Дүйнөлүк басма сөз 15.06.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
![Дүйнөлүк басма сөз 15.06.2020](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b2fc/13ea/caac/5dc1146e588bb.jpg?time=1719031347)
France 24: Коронавирустан таасирленген Франциядагы жашоо дээрлик калыбына келди. Президент Эммануэль Макрон "адаттарды өзгөртүүгө" үндөйт.
Le Monde: Дүйнөдө коронавирус: Европанын чек аралары кайрадан ачылууда, Кытайда вирусту жуктуруп алгандардын саны кайра көбөйүүдө.
Le Soir: Коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында коюлган саякат тыюу салууларынын бир бөлүгү алып салынгандан кийин бельгиялыктар бүгүндөн тарта башка өлкөлөргө саякат кыла алышат.
Eldustur: Египетте коронавирустун эң жогорку көрсөткүчү, 91 өлүм жана 1618 жаңы учур.
Elquds: Коронавирус: Дүйнөдөгү палестин коомчулуктарында 132 өлүм жана 1976 жаңы учур катталды.
Elayyam: Палестинада коронавирустун жаңы түрүнө кабылганы аныкталган судьянын сотун жабуу чечими.
El Pais (Испания): Испаниянын премьер-министри Санчес туризм тармагын сактап калуу максатында чек араларды белгиленген күндөн эрте ачууну каалайт.
El Universal (Мексика): Мексиканын президенти Лопес Обрадор: «Өзүбүзгө кам көрө алабыз, ошондуктан биз эркиндигибизди калыбына келтиребиз». Обрадордун айтымында, «пандемиянын эң оор баскычы өтөт».
ABC гезити (Испания): АКШнын Сиэттл шаарында эки ай бою коронавирустук дарылоодон өткөн бейтапка 1,1 миллион долларлык дарылоо акысы жазылды.
Орус маалымат агенттиги lenta.ru: Россияда 24 сааттын ичинде коронавирусунун 8835 жаңы учур аныкталды.
Россиялык «Известия» гезити: Индиянын жоокерлери 24-июнда Москвадагы Жеңиш парадына катышат.
ТАСС маалымат агенттиги: Россиялык компаниялар электрондук коммерция аркылуу Кытай рыногундагы ишмердүүлүгүн жогорулатышат.
Deutsche Welle: Түркиядан Түндүк Иракка "Чеңгел-Бүркүт" операциясы башталды.
Zeit Online: НАТОнун Чыгыш Европадагы жаңы коргонуу планын ишке ашыруу демилгеси Түркияга тиркелди.