Дүйнөлүк басма сөз 12.06.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Eldustur: Египеттин Министрлер кеңешинин катчысы: Корона көрсөткүчтөрү сентябрдын башында төмөндөй баштайт.
Elquds: Жакынкы айларда АКШ Ирактагы аскерлерин азайтууну улантат.
Alayyam: Коопсуздук координациясы токтотулгандан кийин Израилдин ооруканалары палестиналык бейтаптарды кабыл албай жатышат.
Le Parisien: Ковид-19: (Франциянын) Монпелье шаарындагы бир лаборатория шилекей (үлгүсү) менен аныктоочу тест иштеп чыкты.
Le Monde: Франциянын Башкы штабынын билдиришинче, Франциянын атайын күчтөрү AQMi (Магриб аль-Каида уюму) жетекчисин өлтүрүп, жерге көмдү.
Le Figaro: Коронавирус: (БУУнун маалыматы боюнча), миллиондогон балдар (жакырчылыктын жогорулашына байланыштуу) иштөөгө аргасыз болушат.
La Razón (Испания): (Испаниянын премьер-министри, Педро) Санчес Брюссельге кыр көрсөтүүдө: Испания "июнь айынын аягына чейин" Европа Биримдиги менен чек араларын ачпайт. (Кошумча маалымат: ЕБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү 15-июнда Биримдиктин ичиндеги чек араларын акырындык менен ачат).
Infobae (Аргентина): Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун урматына Копакабана жээгинде бейит казылууда. (Кошумча маалымат: Копакабана – Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында жайгашкан дүйнөгө белгилүү пляж)
El Mundo (Испания): Гарвард университетинин Эл аралык саясий экономика бөлүмүнүн профессору, түрк экономист Дани Родрик (Испанияда) Астурия канышасы (Коомдук Илимдер) сыйлыгын жеңип алды (Кошумча маалымат 1: Астурия княздыгы Испаниянын автономиялуу району)
«Известия» гезити: Москвада дагы 2 миң 255 адам коронавирусту жеңди.
ТАСС агенттиги: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Россиянын коронавирустук өлүм деңгээлинин төмөн экендигин тастыктады.
Риа Новости агенттиги: АКШ жаңы коргонуу бюджетинде Орусия менен атаандашууга басым жасайт.
Der Spiegel: Жер Ортолук деңизинде качкындарды ташыган кеме чөгүп кетти: 34 адам каза тапты.
Deutsche Welle: Германиянын канцлери Ангела Меркель Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен сүйлөштү.
Bild гезити: Люфтганза компаниясынын 22 миң кызматкери жумушсуз калышы мүмкүн.
КТРК: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учур катталды - Кыргызстан жаңылыктары.