Дүйнөлүк басма сөз 8.06.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Jazeera: АКШнын Сириядагы атайын өкүлү Жеймс Жеффри Сирия валютасынын наркынын төмөндөшүн АКШнын чара көрүүлөрү менен байланыштырды жана өлкөсүнүн Асадга бул кризистен кутулуу үчүн чечүүчү жол сунуштаганын жарыялады.
Al Jazeera: Коронавирус: Сауд Арабияда вируска чалдыккандардын саны 100 миңден ашты.
Le Temps : Швейцария коронавирус кризиси учурунда өндүрүштү кыйла жогорулатты.
Le Soir (Бельгия): (Брюсселде) расизмге каршы митингдерден кийин талкаланган дүкөндөрдүн айынан 150 киши камакка алынды.
Le Parisien (Франция): Полициянын зомбулугу: (Франциянын Президенти) Макрон коопсуздук күчтөрүнүн деонтологиясы боюнча конкреттүү кадамдардын ташталышын каалайт.
El País (Испания): Испаниянын автономиялуу аймагы Каталониянын борбору Барселонада 3 миңден ашуун киши, полиция зомбулугунан каза болгон Африка тектүү америкалык Жорж Флойдду эскерүү митингине чыгышты.
ABC (Испания): Испаниянын президенти Педро Санчестин айтымында, коронавирустан каза тапкандардын саны тууралуу маалымат карама-каршы эмес, толугу менен туура.
Infobae (Аргентина): Боливиянын экс-президенти Эво Моралес: "Коронавирус пандемиясы биологиялык согуш"
n-tv: АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук гвардиячыларга (Африка тектүү Флойддун полиция күчтөрүнүн зомбулугунан каза болушунан кийин башталган демонстрацияга байланыштуу) борбор шаар Вашингтондон чыгып кетүүнү буйруду.
Deutsche Welle: Европанын көптөгөн шаарларында расизмге жана полиция зомбулуктарына каршы демонстрациялар болуп өттү.
RİA Novosti: Британиялык депутат Германияны "Түндүк агым-2" долбоорунда Россия менен кызматташуусунан улам чыккынчылык кылды деп айыптады.
Lenta.ru: Сауд Арабия Россия менен мунай согушун токтотту.
Известия: Москвада балкондон адамдарга ок аткан шектүү кармалган учурунда жаракат алды.
КТРК: 8-июнга карата өлкө боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды.