Дүйнөлүк басма сөз 1.06.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1427148
Дүйнөлүк басма сөз 1.06.2020

Deutsche Welle: Афина, Түркиядан ыктымалдуу жаңы баш калкалоочулардын агымына каршы чек арасы болгон Еврос дарыясынын Греция тарабына жалпысынан 208 чакырым тосмо курууга даярданууда.

Spiegel: Германиянын канцлери Ангела Меркель (АКШ президенти Дональд) Трамптын Вашингтондо өтө турган G7 саммитине чакыруусун кабыл алган жок.

Süddeutsche Zeitung: АКШнын Миннесота штатында полициянын зордук-зомбулукунан каза болгон Жорж Флойд үчүн Германияда митинг болуп өттү.

El País:Испания Ирак жана Афганистандагы аскерлерин чыгарып кете баштады.

El Mundo: Испаниянын өкмөтү аймактар ортосундагы саякаттын 21-июнда башталаарын болжолдоду.

Youm 7: Африканын 6 өлкөсүнөн туризмди жандандыруу кадамдары.

Elquds:Ковид-19га каршы күрөшүүнүн алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби менен берки шаарлардын ортосунда бир аптага кирип-чыгууга тыюу салынды.

Le Monde : Жорж Флойддун өлүмү: АКШда баш аламандык уланып, Трамп солчулдарды күнөөлөп жатат.

Le Parisien : Изилдөө: Француздар коронавируска караганда жумушсуздуктан көбүрөөк коркушат.

Le Figaro : Бельгия коңшу мамлекеттер менен кеңешпей туруп өз чек араларын ачты.

RBK сайты: Дарыгерлер жана эксперттер вице-премьер-министр Голикованы (Ковид-19) пандемиясында экинчи толкун башталганга чейин медициналык кызматкерлерди коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырышты.

Известия: Ямал-Европа табигый газ куурунан газ агымы кайрадан башталды.

TASS: Россия элинин 40 пайызынын айлык акысы пандемия учурунда кыскарды.

КТРК: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 69 учуру катталды - Кыргызстан жаңылыктары.



Тектеш кабарлар