Дүйнөлүк басма сөз 28.05.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Frankfurter Rundschau: Германияда корона кризиси - канцлер Меркель абдан тез нормалдашуу боюнча эскертти.
Welt: Корона кризиси жана экономика - ЕБ комиссиясы 750 миллиард евролук жардам пакетин даярдайт.
Spiegel.de: Франкфурт китеп жарманкеси 14-октябрда коронага карабастан өз эшигин ачат.
El País (Испания): Испанияда коронавирустун себебинен ооруканага жаткырылган ар беш кишиден бири көз жумду.
La Vanguardia (Испания): Япониянын автоунаа өндүрүүчүсү Nissan, Европадагы акыркы заводу болгон Барселона монтаждоо заводунун жабылгандыгын билдирди.
Telesur (Venezuela): Венесуэла жана Бириккен Улуттар Уюму дары-дармек сатып алуу үчүн Британиянын Борбордук банкына алтын инвестициясы боюнча макулдашты.
Alwatan Gazetesi (Кувейт): АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык медиа платформаларын жабам деп коркутту.
Aljazeera.net: АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Россиянын Хафтер күчтөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн Ливияга согуштук учактарын жөнөттү деген маалыматты ырастады. Франция болсо, Сирия сценарийинин Ливияда кайталанышы жөнүндө эскертти.
Alquds Alarabi: Сауд Арабиясы бир аял активистти кармакка алды.
Le Parisien: Коронавирус: Франциядагы чет элдик инвестициялардын көпчүлүгү 2020-жылы токтотулду.
Le Figaro: Карантин киргизбеген Швецияда каза тапкандардын саны рекорддук деңгээлге жетти.
Tass агенттиги: Путин: Биз Москвада эң оор кесепеттердин алдын алдык.
Lenta.ru: Москва шаарынын мэри Собянин карантинди 14-июнга чейин узартты.
«Известия»: Тышкы иштер министри Лавров: Батышта Россиядан коронавируска каршы күрөшүүдө жардам суроого тыюу салынат.
КТРК: 28-майга карата өлкө боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 74 учуру катталды.