Дүйнөлүк басма сөз 21.05.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Eldustur: Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзүндө каза тапкандардын саны 325 миңден ашты.
Elquds: Марокколуктардын жарымы карантинге кабатыр болуп жатышат.
Elyom elsadi: Ковид-19дун айынан майрамдык сатууларда төмөндөө болууда.
La Vanguardia (Испания): Брюссель Испаниядан саламаттык сактоо системасына инвестиция салуусун каалайт.
Infobae (Аргентина): Боливиянын саламаттыкты сактоо министри дем алдыруучу аппараттарды базар баасынан үч эсе кымбат сатып алгандыгы үчүн кармалды.
Le Figaro (Франция): Өкмөт муниципалдык шайлоону июнь айынын аягында же 2021-жылдын январь айында өткөрүүнү болжолдоп жатат.
France 24(Франция): Батыш Шерианын аннексияланышы: Париж, Берлин, Рим жана Мадрид "биргелешкен план" даярдап жатышат.
Le Soir (Бельгия): Трамп "нормалдашууну" кааласа дагы пандемия уланып жатат.
Vedomosti: Moody’s коронавирустун айынан Россиянын ичинде жер которуунун агымы көбөйүшү мүмкүн деп жарыялады.
Известия: Америка Кошмо Штаттары Россиянын БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылган Венесуэланын ички иштерине кийлигишүүсү жана суверенитетинин бузулушун айыптаган билдирүүсүнүн кабыл алынышына жол берген жок.
TASS: ДСУ коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экендигин эскертет.
Deutsche Welle: Европа Биримдиги тамак-аш өндүрүшүндө экологиялык трансформацияга даярдануу.
Der Spiegel: Люфтганза Германиянын өкмөтү менен 9 миллиард евролук жардам пакети боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын ырастады.
КТРК: COVID-19: акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 1 894