Дүйнөлүк басма сөз 20.05.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1420389
Дүйнөлүк басма сөз 20.05.2020

Al Quds Al Arabi (сауд-британ): (АКШ президенти Дональд) Трамп эгерде Америка менен болгон мамилесин оңдобосо, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан чыгабыз деп коркутууда.

Al Raye Al Qatariyye (Катар): Катардын эл аралык «Хамед» аэропорту жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн аракеттерди күчөтөт.

Al Jazeera (Катар TV): Палестинанын мамлекет башчысы Аббас, Вашингтон жана Израиль менен кол коюлган тынчтык келишимдерине баш ийбей тургандарын жарыялады.

Deutsche Welle: Германиядан Түркияга саякаттар темасы (Германиянын тышкы иштер министри) Маастын (Түркиянын маданият жана туризм министри) Эрсой менен бүгүнкү сүйлөшүүсүндө каралат.

Stern: Дүйнөлүк дарыгердин башчысы Франк Ульрих Монтгомеринин корона эскертүү: Европа Бирлигинде туризм үчүн чек араларды ачуу кооптуу.

Tagesschau: Европа Биримдигинде жаңы автомобиль сатуу апрель айында 76 пайызга төмөндөдү.

El Pais: (Испания) Испания башка европалык коңшуларынан айырмаланып, нормалдаштыруу календары процессинде катуу чараларды көрүүдө.

El Mundo: (Испания) Бүгүнкү күндөн тарта 6 жаштан жогорку ар бир адам Испаниянын коомдук жайларында беткап кийүүгө мажбур.

TeleSur: Венесуэла чек араларында медициналык пункттарын ачып Чили, Бразилия, Эквадор, Перу жана Колумбиядан кирүүгө аракет кылган  өз жарандарын 14 күн карантинде кармайт.

Le Figaro: БУУнун айтымында, миллиондогон африкалыктар өтө жакырчылыктын коркунучу алдында турат.

Le Parisien: Renault Франциядагы 4 заводду, анын ичинде Флинс шаарындагы заводду жабууну пландаштырууда.

Le Soir: (Бельгияда) Коронавирус менен ооругандардын жарымынан көбү вирус аларга жумуш ордунда жуккан деп эсептешет.

Gazeta.ru: Россияда Жеңиш парады жана Конституциялык добуш берүү 24-июнда өткөрүлүшү мүмкүн.

Известия: Россиянын АКШдагы элчилиги Bloomberg каналынан Орусиядагы Ковид ооруканалары жөнүндөгү жаңылыктарды төгүнгө чыгарууну өтүндү.

Lenta.ru  : Россиянын өкмөтү өз жарандарынын мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуусуна шарт түзүүдө.

КТРК: Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 27 учур катталды.



Тектеш кабарлар