Дүйнөлүк басма сөз 14.05.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1417222
Дүйнөлүк басма сөз 14.05.2020

Deutsche Welle: Европа жээктеринде кыймылдуулук бар.Жайкы сезондо Европада саякатка даярдык ылдамдап, Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги туристтик өлкөлөрдө кыймылдуулук башталды.

Spiegel: АКШ президенти Дональд Трамп күзүндө бардык мектептерди ачууну пландап жатат.

Alwatan: «Экинчи коронавирус толкуну» тынчсыздануусу мунайга болгон бааны төмөндөтүп жиберди.

Le Monde: Бүгүн мектептер ачылган Францияда миңдеген бала Париж, Лион жана Лилдеги мектептерге жөнөштү.

Le Figaro: Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун айтымына караганда, жакында 300 жүз миң адамдын өлүмүнө алып келе турган коронавирус эч качан жок болбошу мүмкүн.

France 24: Санофи лабораториясы вакцина иштеп чыкса, ал биринчи кезекте АКШга кызмат кылат.

El País (Испания): Изилдөөгө караганда, испандардын 5 пайызы коронавируска чалдыккан.

Infoabae (Аргентина): Бразилия Ковид-19ду жуктургандар боюнча Франциядан ашып өттү жана пандемиядан жапа чеккен алтынчы өлкө болду.

La Jornada (Мексика): Чилидеги стратегия ийгиликсиз болуп эми милдеттүү карантин киргизилди.

TASS : Россиялык илимпоздордун айтымында, өлкөдө коронавирус пандемиясынын экинчи жана үчүнчү толкуну болушу мүмкүн.

RT: Россиядагы ооруканадан чыккан өрттөн кийин «Aventa-M» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуу токтотулду.

Kommersant : Москвада 100 жаштагы аял коронавирусту жеңди.

КТРК: СOVID-19: 14-майга карата өлкө боюнча жаңы 38 учур катталды.

 



Тектеш кабарлар