Дүйнөлүк басма сөз 8.05.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Spiegel: АКШдагы үрөй учурарлык сандар: Ар бир 5 кишинин бири жумушсуз калды.
Deutsche Welle: Германияда ММК мүчөлөрүнө карата зомбулук жана кысым көрсөтүү окуялары көбөйүүдө.
n-tv: Дания кафе жана ресторандарды ачууну каалап жатат.
Eldustur: Бириккен Араб Эмирликтери маскаларды таратуу үчүн айдоочусуз унааларды колдонууда.
Elraya: Катардын эмири Темим менен президент Эрдоган эки тараптуу мамилелерди сүйлөштү.
Elquds: Коронавирус: Иорданияда 8 күндөн кийин 21 жаңы учур катталды.
El Pais (Испания): Испанияда кризис өкмөт Мадриддеги 1-этап деп аталган нормалдаштыруу процессине киришүүнү каалаганда башталды. Мадриддин аймактык коомдун саламаттыгы боюнча башкы директору кызматтан кетти. Мадридде 67 миң учур катталып, 15 миң адам каза тапкан.
El Mundo (Испания): Испания Швейцариядан коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5,6 миллион евролук дарылоочу аппараттарды импорттойт.
Le Soir (Бельгия): Бельгиялыктардын 6 пайызында коронавируска каршы антителолор бар.
Le Figaro: Европа Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 75 жылдыгын салтанаттуу аземдер болбостон өткөрүп жатат.
TASS: Трамп зарыл болгон учурунда АКШнын Россияга дем алдыруучу аппарат жөнөтөрүн айтты.
Lenta.ru: Москва шаарынын мэри Собянин, Ковид-19дан улам коюлган чектөөлөрдү 31-майга чейин узартты.
«Известия»: Жугуштуу оорулар боюнча адистер, коронавирус Россияда туу чокуга жетпейт деп эсептешет.
КТРК: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 11 учур катталды.