Дүйнөлүк басма сөз 6.05.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Quds Al Arabi: Bloomberg: Катар дүйнө жүзүндө коронавирустан каза тапкандардын саны боюнча эң төмөнкү катышка ээ.
Al Quds Al Arabi: Израиль армиясы Газа тилкесиндеги буталарды бомбалады.
Al Jazeera (Катар): ЮНИСЕФ: Дүйнө жүзүндө жеринен ажыраган 19 миллион бала Ковид-19дун таасирлерине кабылууда.
Kurier.at: Германия жана коңшу мамлекеттер май айынын ортосунда чек ара көзөмөлүн жеңилдетишет.
t-online: Германияда провинциялардын экономика министрлери 9-майда өз гастрономиялык ишканаларын ачууну каалашат.
Welt.de: Германиянын футбол лигасынын (Бундеслига) беттештери 15-майда башталат.
Le Monde: Коронавирус: Франциянын президенти Эммануэль Макрон маданият тармагы үчүн чара көрүүлөрдү жарыялайт.
Le Figaro: (Франция) Сенат медициналык чукул кырдаалды узарткан мыйзам долбоорун кабыл алды.
Le Parisien: Карантин учурунда француздар орто эсеп менен 2,5 кг салмак кошушту.
El País (Испания): Мадриддин медициналык кызматкерлери үчүн сатып алган 100000 тести ишенимсиз.
Prensa Latina (Куба): Кубалыктар Ковид-19га каршы чара көрүүлөрдү колдоп жатышат.
Lenta.ru: Ковид-19га кабылган Россиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин ден-соолугу жакшы. Дарылануусу уланып жатат.
TASS: Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн өлкөнүн Ковид-19 абалы боюнча жыйын өткөрөт.
Russian.rt : Россиялык окумуштуулар Ковид-19дан сактануу үчүн нанотехнология колдонуп жаңы медициналык беткап ойлоп табышты.
КТРК: Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 871 учуру катталды.