Дүйнөлүк басма сөз 20.04.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1401458
Дүйнөлүк басма сөз 20.04.2020

Le Monde : Франциянын саламаттык сактоо министри 11-майдан тарта аптада 500.000 тест жүргүзүүнү максаттап жатат.

France 24 : Париждин мэри Энн Идальго Франциянын борборунда апрель айынын аягында 500.000 маска болоорун билдирди.

Bild.de:  Германиянын Конституциялык соту: Корона тыюу салуулары биздин негизги укуктарыбызды бузууда.

Deutsche Welle: Трамп Кытайды коркутту. АКШнын президенти, коронавирус пандемиясынын себебинен Кытайды дагы бир жолу бутага алып, Пекиндин атайылап жасагандыгы аныкталган учурунда, мунун жазаларына баш ийүүсү керектигин жактады.

n-tv: Германияда бүгүндөн тарта айрым ишканалар кайрадан ачылат.

Al Sharq Al Awsat : АКШда коронанын себебинен каза тапкандардын саны 40 миңден ашты.

Al Quds Al Arabi : Айрым өлкөлөр, коронавирустун айынан киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүүдө.

El Pais (İspanya): Испания Европа Биримдиги менен өткөрүлө турган саммитте, эң көп таасирленген мүчөлөргө таратылышы үчүн Евробиримдиктен 1 миллиард 500 миллион евролук кайтарымсыз каражат берүүсүн өтүнөт.

El Mundo (Испания): Изилдөө: испандардын үчтөн бири дагы деле күнүмдүк колдонуу үчүн беткап табууда кыйынчылык тартууда.

Известия: Орусиянын бюджетинин тартыштыгы 2020-жылы 5,6 триллион рублге жетиши мүмкүн.

 ‘RİA Novosti’: Орусиянын саламаттык сактоо министри, Covid-19га каршы социалдык изоляция чара көрүүлөрүнүн натыйжалуу болгонун айтты.

Lenta.ru: Орусияда вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 853, каза тапкандардын саны 389, айыгып чыккандардын саны 3 291 деп белгиленди.

КТРК: Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 медициналык кызматкерден турган топ келди.



Тектеш кабарлар