Дүйнөлүк басма сөз 14.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, корона кризиси мезгилинде аткарган тартип жана аракеттери үчүн жарандарга ыраазычылык билдирди.
Tagesschau: Коронавирус менен күрөшүү- АКШда Трамп кеч калды деп күнөөлөнүүдө.
Welt: Корона кризиси: Грециядагы мейманканалардын үчтөн экиси банкроттун босогосунда.
La Vanguardia, Испания: Каталония жана дагы 7 автономдуу аймакта жарым-жартылай жумушка барыла баштайт.
Infobae, Аргентина: Боливиянын президенти Эво Моралестин коронавируска байланыштуу сөздөрү: «Кытай бир дагы курал колдонбостон Үчүнчү Дүйнөлүк согушту жеңди».
Alsharq Alawsat: Европа «Корона чектөөлөрүн» жеңилдетүүдө... АКШ болсо таң калууда.
Aljazeera.net:. Коронавирусту жуктургандардын саны 2 миллионго жакындады... Кытай эки жаңы вакцинаны сынай баштады.
Le Parisien: Франциянын президенти Макрон карантиндин мөөнөтүн 11-майга чейин узартты.
Le Monde: Францияда коронавирустан 15.000 киши каза тапты.
Gazete.ru: Түркия жарандарына дем алыш күндөрү көчөгө чыгууга тыюу салат.
Ria Novosti : Вакцина иштеп чыгуу үчүн АКШдан коронавирустун штаммы Орусияга жөнөтүлдү.
КТРК: 14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 11 жаңы учур катталды. Ошентип өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 430 кишиге жетти.